Жайлоо өнүктүрүү борборунда “Улуттук мурас-тарбиянын казынасы” фестивалы уюштурулду

August 9, 2024, 07:56

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду ишке ашырып келген Жайлоо өнүктүрүү борборлору долбоорунун алкагында 2024-жылдын 8-августунда Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын “Бөбөктай Бай-Эл” борборунда “Улуттук мурас-тарбиянын казынасы” аталышындагы фестиваль уюштурулду. 


Фестивалдын расмий бөлүгүндө КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна эрте курактан билим берүү балдардын өнүгүүсүндө манилүү этап экендигин жана азыркы учурда мамлекет тарабынан бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал эми Жайлоо өнүктүрүү борборлору жай айларында балдарга өнүгүүгө пайдалуу аянт болоорун кошумчалады. 


Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бахавадинов Эрмек Ибрагимович өз сөзүндө райондо бала бакчалар менен камсыз кылуу үчүн баардык аракеттер болуп жатканын билдирип, Жайлоо өнүктүрүү борборбору тоолуу аймактардагы балдардын, үй-бүлөлөрдүн жашоосуна жакшы таасир этип жатканын айтып өттү. 


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун кызматкери Алагөз уулу Азамат долбоор тууралуу жалпы маалымат берип, бул жылы Кыргызстан боюнча 100гө жакын  борбор иш алып жатканын, алар Фонд тарабынан канцелярдык куралдар, тарбиячылар болсо керектүү методологиялык жана мотивациялык колдоо алаарын билдирди.  


Жети-Өгүз айылынын тургуну Салыйкан бул демилгенин авторлоруна ыраазычылыгын билдирди: “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ачылганы жергиликтүү калкка абдан пайдалуу болуп жатат. Мурда балдар каякка кетти деп сарсанаа болчу элек. Азыр балдар күтүшөт. 1 жаштан 15 жашка чейинки балдар таң атаары менен бакчага жөнөшөт”.


Фестивалда балдар,ата-энелер,чоң энелер жана чоң аталар, тарбиячылар сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, боорсок, улуттук суусундуктарды даярдоо боюнча мастер-класстарды өтүштү. Андан сырткары чоң аталар салт-санаа боюнча балдарга баяндарды айтып беришти.Фестиваль балдардын  чүкө, эр оодарыш, тыйын эңмей оюндары менен уланды. Иш-чаранын акыркы бөлүгүндө балдар тарбиячылар менен биргеликте “жүн сабоо”, “камчы” бийлерин , “тоолук кыргыз”, “кыргыз калкым” ырларын хор менен аткарышты.