Беш-Конуш жайлоосунда “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” 11-сезонуна арналган иш-чара өттү

July 6, 2024, 06:33

2024-жылдын 4-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына тиешелүү Беш-Конуш жайлоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келген Жайлоо өнүктүрүү борборлору  демилгесинин 11-сезонуна арналган иш-чара уюштурулду. 

Иш-чара КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин, Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиевдин,  Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь айымдын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, ОШМУнун жана ОШМПУнун мугалимдеринин, ата-энелердин жана балдардын катышуусу менен өткөрүлдү. 


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” демилгеси 2014-жылдан бери Фонд тарабынан ишке ашырылып келгенин белгиледи: “Соңку он жылда тоолуу райондордо жашаган малчылардын жана үй-бүлөлөрдүн 20 миңге жакын балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, ар кандай иш-чараларга жана тренингдерге 6000ден ашык ата-эне жана 1400 мугалим тартылган. Эгерде 2014-жылы тоолуу аймактарда 35 жайлоо  өнүктүрүү  борборлору иш алып барса, он жылдын ичинде алардын саны 3 эсе көбөйүп, 2024-жылы  100 гө жакын борборлор ачылды”.


Роза Кайыкова өз сөзүндө КРдагы Кытай элчилигине, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына, Жоош айыл өкмөтүнө жана жалпы эле  өнөктөштөргө долбоорду ийгиликтүү ашырууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. 

Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь айым жайлоодогу балдардын өнүгүүсүнүн маанилүүгүн жана коңшу эки өлкөнүн өз ара мамилесинде өсүп келе жаткан муундун ордун белгиледи.Элчи айым бул багыттагы Фонд менен Элчиликтин көп жылдык өнөктөштүгүн жогору баалады Кытай элчилигинин атынан Ош, Баткен жана Жала-Абад облустарындагы жайлоо өнүктүрүү борборборуна канцелярдык буюмдар,2 боз үй, 1 чатыр жана балдарга оюнчуктар тапшырылды. 

КР  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев азыркы учурда мамлекет тарабынан билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын айтып, ар бир балага, анын ичиндеги жайлоодогу балдардын дагы өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек экенин билдирип, жайлоодогу балдарга жай күндөрүн жакшы өткөрүүсүн каалады. 


Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев көптөгөн жылдардан бери тоолуу аймактарда балдарды өнүктүрүү багытында иш алып барган “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна ыраазычылык билдирип, министрлик дагы эрте курактан балдарга билим берүү багытында реформаларды жасап жаткандыгын билдирди. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев балдарга алып келген белектерин тапшырып, жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ишмердигине ийгилик каалады. 


Иш-чаранын алкагында “Беш-Конуш”  Жайлоо өнүктүрүү борборунун жетекчиси Данагүл Кошокова жана тарбиячылары балдарга “Ар бир кесип ардактуу”-деген аталыштагы мастер-класстарды өтүштү. Балдар өздөрү тигүүчү, ашпозчу, курулуш инженери, сүрөтчү, скульптор болуп группаларга бөлүнүп, иш алып барышты. Меймандар балдар өздөрүнүн убактысын канчалык кызыктуу жана пайдалуу өткөрөөрүн көрүп, алардын иштери менен таанышышты.  


Маалымат үчүн: 2014-жылдан тартып Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун ишке ашырып келет. Соңку он жылда тоолуу райондордо жашаган малчылардын жана үй-бүлөлөрдүн 20 миңге жакын балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, ар кандай иш-чараларга жана тренингдерге 6000ден ашык ата-эне жана 1400 мугалим тартылган. Эгерде 2014-жылы республиканын региондорунда жайлоодогу өнүктүрүүнүн 35 борбору, 2015-жылы – 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102, 2019-жылы – 114, 2020-жылы – 5, 2021-жылы – 30, 2022-жылы – 95,2023-жылы 100 борбор ачылган болсо,  2024-жылы 100 гө жакын борбордун ачылуусу пландаштырылган жана алардын көпчүлүгү иштеп баштады. Бул долбоор айыл өкмөттөрдүн, мамлекеттик органдардын, жайыт комитеттеринин, эл аралык уюмдардын, демөөрчүлөрдүн, ЖОЖдордун, атайын орто окуу жайларынын, чыгармачыл мекемелердин жана коомчулуктун колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылууда.