Чүй облусунун үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбасын өздөштүрүштү

June 7, 2024, 07:17

3-4-июнда Токмок шаарынын, Кеӊбулуӊ (Ивановка), Нарзан (Беловодск) айылдык аймактарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттеринин мүчөлөрүнүн, Балыкчы шаарынын жергиликтүү комитетинин иштөө тажрыйбасы менен жеринен таанышуусу үчүн тажрыйба алмашуу сапары болуп өттү.  


Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитети республикалык деӊгээлдеги өтө активдүү комитеттердин бири болуп эсептелет. Комитет өз ишин 2022-жылы баштаган. Комитеттин мүчөсү Чынара Сыдыгалиеванын жана жергиликтүү бийликтин активдүү колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде комитеттин базасында «Бактылуу эне» кризстик борбору ачылган, анда ар жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 80 чукул аял жардам алышууда жана реабилитациялоодон өтүп келишет.


Үйдөгүдөй ыӊгайлуулукта жана жагымдуулукта уюштурулган кризистик борбордо аялдар балдары менен чогуу үч айга чейин, айрым учурларда алты айга чейин жашай алышат, ал жерден бардык – тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдар үчүн каражаттар сыяктуу зарыл муктаждыктары менен камсыз болушат, психологдор менен реабилитациялоодон өтүшөт, алар өздөрүнө иштеп каражат табууга жана каржылык жактан көз карандысыз болууга жардам берген адистикке ээ боло алышат. Борбордо аялдарга тиккенди, кийиз менен иштегенди, курак кураганды, төшөк тиккенди, тамак жасаганды үйрөтүшөт. Эӊ негизгиси, борбордо зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын коопсуздугу камсыз кылынат жана алардын өзүнө келүүсүнө түрткү берген бардык ыӊгайлуу жана жагымдуу маанай түзүлөт, медициналык жардам дагы алышат, ошондой эле жаӊы жашоону баштоо үчүн күч топтоп өзүнө келе алышат.   


Кризистик борбордун жетекчиси Чинара Сыдыгалиева Мамарбаевна ал борборду ачуу үчүн каражаттарды  кандайча чогулткандыгы тууралуу, башка аймактардан келген аялдар борборго кандайча жайгаштырылат экендигин, документтерди жол-жоболоо жана жабырлануучуларды каттоо иштери кантип жүргүзүлөрү тууралуу айтып берди.   


Ошондой эле, тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары үчүн психолог Чолпон Кыдыралынын «Карама-каршылыкты кандайча өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө айландырууга боло тургандыгы тууралуу» лекциясы уюштурулду. Өнөктөшү менен туура коммуникацияларды жолго коюу – бул никенин ийгиликтүүлүгүнүн эӊ башкы себептеринин бири. Ошондуктан жемелөөлөргө, айыптоолорго, баалай берүүгө түрткү бербей тургандай кылып, суранычты так, таамай айтканды билүү натыйжалуу болот, же болбосо баа берүүлөрдөн качуу аркылуу өзүнүн муктаждыктарына, сезимдерине басым жасап суранычын айтуу чоӊ жыйынтык берет жана керексиз уруш-талаштардан, өз ара таарынышуулардан качууга жол ачат.   


4-июнда Балыкчы шаарынын мэриясында ушул эле мэриянын аппарат жетекчиси Калыков Адилет Таалайбековичтин жетектөөсү астында жолугушуу болуп өттү, анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өздөрүнүн аткарып жаткан иштери менен тааныштырышты.


Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Эсенаманова шаардын мектептеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартып жаткан балдарды аныктоо үчүн , же суициддик маанайларды алдын ала аныктоо үчүн шаардын мектептеринин окуучуларынын арасында тесттер өткөрүлүп турары тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ар бир мектепте окуучулардын анонимдүү кайрылуулары үчүн жашиктер (ящик) дайыма иштейт жана текшерилип турат. Үй-бүлөлүк зомбулукка жол берилбестиги тууралуу лекциялар өткөрүлүп турат, бул лекциялардан кийин окуучулар жана алардын ата-энелери зомбулук окуясы болгон учурда каяктан жана кандай жардам алуу керектиги боюнча  суроолор менен кайрылышат, же алар башынан өткөргөн зомбулук окуясы тууралуу айтып беришет.     


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Жолдош Шаршеев турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга кандай колдоолор көрсөтүлөрү жаатындагы маалыматтары менен бөлүштү.   


“Акниет нуру” ислам борборунун жетекчиси Тилек Зарылбеков никеде аялдардын үстүнөн дене бойлук же психологиялык зомбулукка жол берилбестиги жаатындагы исламда так белгиленген жоболор тууралуу, ошондой эле исламдын канондоруна ылайык аялдардын укуктары жана эркектердин милдеттери кандай экендиги боюнча айтып берди.   


ШИИБдин жетекчисинин орун басары Женишбек Абыканов ШИИБдин өздүк курамы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы аткарылып жаткан иштер боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал үй-бүлөлүк зомбулук окуясы боюнча ар бир чакыруу милдеттүү түрдө каттоо журналына катталарын жана бардык,  ар бир кайрылууга ШИИБдин кызматкерлери ыкчам түрдө бара тургандыгын баса белгиледи. Кайрылуу келип түшкөндөн кийин, кызматкерлер ыкчам түрдө бир нече мүнөттүн ичинде ал жерге барып калуусу керек экендиги ШИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.      


Чынара Сыдыгалиева кризистик борбордун жетекчиси жана активист катары, катталган үй-бүлөлүк зомбулук окуяларынын санынын жана берилген коргоо ордерлеринин санынын өсүп жаткандыгы, бул жааттагы иштердин активдүү жүрүп жаткандыгынын көрсөткүчү экендигин дагы баса белгилеп өттү.   


Чүй облусунун комитеттеринен келген катышуучулар алардын жергиликтүү комитет катары аткарып жаткан иштери абдан активдүү жана ыраттуу экендигин, ошондой эле шаардын жетекчилигинин бул багытта ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгына токтолушуп баса белгилешти.  Дал ушундай активдүүлүк жана макулдашылган ырааттуулук эӊ жогорку жыйынтыктарды берет.    

 

Тажрыйба алмашуу сапары “Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү үчүн Чүй облусундагы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.


Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланууда. Бул жерде келтирилген корутундулар же сунуштамалар авторлордун ой пикирлерин билдирет жана АКШнын Мамлекеттик Департаментинин көз карашын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.