2023-жылдын “Мыкты жайлоо өнүктүрүү борборлору” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды жана педагогдор үчүн Методикалык жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу семинарлары уюштурулду

May 29, 2024, 10:07

2024-жылдын 29-майында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2023-жылдын “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” сыйлоо аземи жана педагогдору үчүн методикалык жардам көрсөтүү сессиялары уюштурулду.

 


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду негизделгенден бери билим берүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. 2012-жылдан тарта Роза Исаковна Отунбаеванын демилгеси менен “Жайлоо өнүктүрүү борборлорун” уюштурулган. Бул жылдар аралыгында Республика боюнча 20 000 бала, 7000 ата-эне ажана 1500 педагог катышкан Жайлоо өнүктүрүү борборлору ишмердүүлүгүн улантып келет.

 


Жыл сайын тематикалык сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, шыктандыруучу сыйлыктар ыйгарылып келүүдө. Былтыркы 2023-жылы “Климаттын өзгөрүшүнө, адаптацияга жана этно-педагогикага байланышкан “Мыкты ЖӨБ” жана балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынагы уюштурулган. Анын жыйынтыгында Нарын жана Ош облустарындагы жайлоо бала бакчалары байгелүү орундарга ээ болушту.

 


Сынактын жыйынтыгында:

1-орун Ак-Талаа районундагы “Адис-Адилет” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси кир жуугуч машине.

2- орун Нарын районундагы “Эмгекчил” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси -10 000 сом.

3-орун упайларынын тең болгондугу үчүн Алай районунун Сары-Могол айылынын “Бооке” жайлоо өнүктүрүү борборуна жана Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептердин топтому.

 


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, алардын ишмердүүлүгү балдарды кенже курактан өнүктүрүүдө чоң салым кошуп жатканын жана бул демилгени Билим берүү жана илим министрлиги да колдоорун билдирди: “Бул сынак тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын коомго жеткирүү, балдарды өнүктүрүүгө багытталган Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин көңүлүн буруу максатында уюштурулган. 2012-жылы өнүгүү борборлору негизделгенден бери катышкан балдардын саны 500дөн 2500кө чейин, ата-энелердин саны 1000ге чейин көбөйгөн. Бул көрсөткүчтөр мындай борборлорго карата муктаждыкты көрсөтүп турат,” - деди Кайыкова Роза.

 


Иш-чарада “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” 2024-жылкы сезонун баштоого даярдык көрүү максатында педагогдор үчүн “Монтессори педагогикасын Жайлоо өнүгүү борборлорунун шартында колдонулушу” темасында  Кыргызстандагы биринчилерден болгон монтессори педагогогикасы боюнча мугалим, балдар психологу Чынара Термечикова жана  “Семья” аттуу монтессори бала бакчасынын жетекчиси Бактыгүл Алиева маалыматтык сессия өтүштү. Сессияда жайлоо шартында Монтессори педагогикасына ылайык “Күнүмдүк турмуштагы көнүгүүлөр”, “Сенсорикалык чөйрө”, “Тил чөйрөсү” тууралуу кенен айтышып, практикада колдонулушун көрсөтүп беришти.

 


Ошондой эле РПККЖ КД институтунун Билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын ага окутуучусу Назира Сагынбаева  “Ата-энелерди балдарды өнүктүрүү процессине тартуу” темасында маалымат менен бөлүштү. Сагынбаеванын сессиясы кызыктуу презентация менен коштолуп, педагогдор менен талкуу болду. И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын жетекчиси  Элмира Тентиева Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда интерактивдүү методдор менен иш алып баруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, балдардын өз ара байланышуу көндүмдөрүн өнүктүргөн көнүгүүлөрдү көрсөттү. Ошондой эле үй шартындагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өнүктүрүүчү усулдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүштү.Педагогдор көрсөтүлгөн көнүүгүлөрдү өздөрү аткарып көрүп, пайдалуу жана кызыктуу экенин билдиришти.



Тажрыйба алмашуу максатында Ат-Башы районунун Жайлоо өнүгүү борборлорунун окутуучусу Сезим Жолдошбекова “Климаттын өзгөрүшү жана суу” тематикалык көрсөтмө сабагын өттү. Сезим тарбиячылар жана ата-энелер тарабынан жасалган океандагы суу жаныбарларынын (дельфин, кит, осьминог, скат  ж.б.) оюнчуктары жөнүндө, алардын түрлөрү, жалпы флора, фауна жөнүндө айтып берип суунун маанисине токтолду.



Ошондой эле катышуучулар үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун балдарды кенже курактан өнүктүрүү демилгелеринин ресурстары: “Үч жаштан кийин кеч” демилгеси, “Бешке чейин үлгүр” долбоору, электрондук китептер, бешик ырлары онлайн ресурстары тууралуу маалымат берилди. Андан сырткары мобилдик фото жана видео тартуу мастер-класс уюштурулду.



Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылындагы “Аздек” жайлоо бала бакчасынын жетекчиси Мимоза Назаралиева Монтессори педагогикасынын элементтерин жана интерактивдүү билим берүү сессиясы өзгөчө пайдалуу болгонун белгиледи: “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун педагогодору үчүн маалыматтык сессиялардын уюштурулушу кесиптик өнүгүү үчүн мыкты өбөлгө болду. Биз жаңы сезонду өзгөчө дем менен шыктанып баштайбыз деп ойлойм. Быйылкы сезон мурункулардан да натыйжалуу болот деп ишенем”-деди Мимоза Назаралиева.

 

Фонд билим берүү демилгелерин ишке ашырууда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен дагы тыгыз иштер жүргүзүп келет. Маселен, “Жайлоо бала бакчаларынын” педагогдору үчүн биринчи Колдонмону ушул университеттин окумуштуулары Орусбаева Т.А., Тентиева Э. ж.б. мугалимдер тобу иштеп чыккан. Ийгиликтүү кызматташтык үчүн Университеттин ректору Айгүл Абдраевага ыраазычылык баракчасы ыйгарылды. Айгүл Төлөковна профессионалдуу педагогдорду даярдоодо бала бакчалардын ролу абдан чоң, кенже курактан өнүккөн бала мектепте да, жогорку окуу жайда да кабыл алуусу жакшы болуп, мыкты адис болуп чыгышына жакшы өбөлгө болот деди жана кенже курактан баланын өнүгүүсүнө инвестиция салууга үндөп кетти.  Айгүл Абдраева “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ишин колдоо максатында окутуу каражаттарын бөлүп, быйыл көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.



Иш-чаранын катышуучуларына А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты белгилүү акын Алтынбек Исмаилов чыгармаларын окуду.


Маалымат:

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2012-жылы негизделгенден бери билим берүүгө өзгөчө көнүл буруп келет. Бул жылдар аралыгында, билим берүү тармагында көптөгөн программалар, долбоорлор жана массалык иш-чаралар ишке ашып келди. Балдарды кенже курактан өнүктүрүү Фонддун иш-аракеттеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 2014- жылдан тартып Фонд, үй-бүлөлөрү жай мезгилинде жайлоолорго көчүп барган кенже курактагы балдарды өнүктүрүү максатында, «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору» демилгеси ишке ашырылып келет.

«Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору» жыл сайын өлкөнүн алыскы бийик тоолуу региондорундагы 3000дөн ашуун балага, жай айларынын ичинде, ар кыл билим берүү жана тарбия иш-чараларын, анын ичинде сабаттуулук программаларын жана жашоо көндүмдөрүнө окутууну уюштуруп келет.