«Балдар, сакайып кеткиле!» – Фонддун кызматкерлери жабыркаган балдарга барды

May 7, 2024, 14:50

Бүгүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору жана кызматкерлери Сузак районундагы инциденттин натыйжасында жабыркаган жана Бишкектеги тез медициналык жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан балдарга барды. Ата-энелерге мөмө-жемиш пакеттери берилди.

 

Фонддун аткаруучу директору Роза Жазыбаевна Кайыкова балдардын ата-энелери менен жолугушуп, сүйлөштү жана жабыркагандардын бардыгына тез сакайып кетүүнү, дем-күчтү каалады. Фонддун бардык кызматкерлери, көп миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле, балдардын ден соолугу үчүн чын дилинен тынчсызданат жана медициналык жардам менен колдоо жаш мекендештерге айыгып кетүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.

 

Ата-энелер көрсөтүлгөн колдоосу үчүн Фондго жана жеке Роза Исаковнага зор ыраазычылык билдирет.