«Бир ырдын сынагы» Жаш акындарга сынак!

May 7, 2024, 08:16

Бир ырдын сынагы

ЖОБОСУ


1.    Жалпы жобо

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси тарабынан уюштурулган ыр сынак

1.2. Сынактын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду
1.3. Сынактын уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдайт;
- Сынактык комиссияны түзүү;
- Сынактык иш-чараларды өткөрүү;
- Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
- Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу;

2. Сынактын негизги максаты:
- кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;
- жаш акындардын талантын ачуу, шык берүү, кыргыз поэзиясын даңазалоо;
- акындардын арасындагы мыктыларды тандоо;

3. Сынактын этабы жана мөөнөтү:
3.1. Тандоо туру: конкурстук чыгарма 2024-жылдын 5-майдан 5-июнга чейин кабыл алынат.
3.2. Баалоо: конкурстук чыгарманы окуп чыгуу жана баалоо 2024-жылдын 5-июндан 15-июнга чейинки убакытта ишке ашырылат.
3.3. Финал: атайын даярдалган поэзия кеченин негизинде өтөт.

4. Сынакка катышуунун шарттары:
4.1. Сынакка кыргыз тилинде жазылган бир гана ыр кабыл алынат.
4.2. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катышат.
4.3. Сынакка ырды “Жазуучулар союзунун” jazuuchular@gmail.com же Фонддун office@roza.kg дарегине “Бир ырдын сынагы” темасы менен жөнөтөт.
4.4. Ыр WORD документ түрүндө Times New Roman 14, интервал 1,5 кабыл алынат.
4.5. Сынакка катышуу үчүн автор каалаган тематикадагы бир гана ырды жөнөтө алат.
4.6. Ыр 3 куплеттен 10 куплетке чейин болууга тийиш.
4.7. Ыр мурда эч жерде (китеп, социалдык тармактар) жарыяланбаган болушу керек.
4.8. Уюштуруучу сынакка жиберген ырды рецензиялабайт, кайтарып бербейт.

5. Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:
5.1. Чыгармаларды баалоо үчүн Уюштуруучу 5(беш) адамдан турган, анын ичинде бирөө төрага болгон калыстар тобун түзөт.
5.2. Калыстар тобу ушул жобонун негизинде иш алып барат жана жеңүүчүнү аныктайт.
5.3. Чыгармалар уюштуруу тарабынан катталат жана калыстар тобуна аты-жөнүн көрсөтпөй номер аркылуу берилет.
5.4. Чыгармаларды баалоо он баллдык система боюнча жүргүзүлөт.

6. Чыгарманы баалоо критерийи:
6.1. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана чеберчилиги
6.2. Таасирдүүлүгү, образдын айкындыгы, жаңычылдыгы
6.3. Уюштуруучу баллдарды санап чыгып 5 (беш) финалистти аныктайт.
6.4. 5 финалистти сыйлоо аземинде, атайын сынактын негизинде орундарын аныктайт.

7. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо:
7.1. Сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялоо жана сыйлоо атайын уюштурулган чоң концерттин негизинде өтөт.
7.2. Сынактын сыйлык фонду
1-орун 50000 (элүү миң) сом
2-орун 30000 (отуз миң) сом
3-орун 20000 (жыйырма миң) сом

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду

Электрондук дарек: jazyychular@gmail.com, office@roza.kg

Байланыш номер: +996554949020