Фонд KICB жана АКДН менен бирдикте бактарды отургузуу боюнча ар жылдагы акцияны өткөрдү

April 16, 2024, 11:54

2024-жылдын 16-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк (KICB) жана Ага Хандын өнүктүрүү боюнча уюму (АКДН) менен кызматташтыкта бак-дарактарды ар жылдагы жазгы отургузууну уюштурду.

 

Акциянын старт алышынын расмий аземи "Көк-жар" турак жай конушундагы № 25 мектепке чейинки билим берүү уюмунда өттү. Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, КР билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендибарева, KICB’нын башкармалыгынын төрагасы Ариф Али мырза жана AKDN’дын Дипломатиялык өкүлү Доктор Баркат Фазал катышты.

 

Бул демилгенин максаты – курчап турган чөйрө жөнүндө камкордукка коомду тартып жана келечек муундар үчүн жашыл зонаны сактап калуу менен экологиялык жактан таза жана жашыл Кыргызстанды түзүүгө көмөктөшүү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Роза Кайыкова бүткүл борбор шаар боюнча мектептерди жана балдар бакчаларын жашылдандыруу боюнча Фонддун узак мөөнөттүү үзүрлүү ишин баса белгиледи. "Green Foundation" долбоорунун алкагында биргелешкен күч-аракеттер менен 18 600дөн ашык бак-дарактар жана жашыл көчөттөр отургузулду. Фонд өлкөдө билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатат, быйылкы жылы KICB’нын финансылык колдоосу менен Фонд КР Билим берүү жана илим министрлигинин методикалык борборлорун жабдыды.

 

KICB’нын башкармалыгынын төрагасы Ариф Али мырза «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга демилгени дайыма колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул демилге 2012-жылы эле башталган жана биз бирге ушунчалык сандагы бак-дарактарды отургуза алгандыгыбызга сыймыктанабыз. Бак-дарактарды отургузуу үчүн мектептерди жана балдар бакчаларын тандаганыбыз бекеринен эмес – биз келечек муундардын арасында экологиялык тарбиялоонун негиздерин түптөөгө умтулабыз». «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду чыгарган китептерди KICB № 25 мектепке чейинки билим берүү уюмуна тартуулады.

 

КР билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендибарева Фонддун, KICB’нын, AKDN’дын демилгесин колдоду: «Биз билим берүүнү өнүктүрүүгө жана билим берүү мекемелеринин экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган күч-аракеттерди колдойбуз. Министрлик «Ар бир балага – 1 бак» деген акцияны ишке киргизди, ал ушул багытта маанилүү кадам болуп калды».

 

AKDN’дын Дипломатиялык өкүлү Доктор Баркат Фазал социалдык жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн белгиледи: «Бүгүнкү демилге АКДН жактаган социалдык жоопкерчиликтин мисалы болуп саналат. Биз мындай долбоорлор өсүп келаткан муунда курчап турган чөйрө жөнүндө камкордуктун маанилүүлүгүн түшүнүүнү калыптандырат деп ишенебиз».

 

Бул долбоордун алкагында 2024-жылы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу төмөнкүдөй 11 локацияда: № 35, 97, 98, 102 орто мектепте, № 7, 17, 18, 19, 20, 25 МБУда жана акыл-эси жактан артта калган балдар жана жетимдер үчүн Красная речкадагы атайын мектеп-интернатта өткөрүлүп жатат. 2024-жылы отургузулган көчөттөрдүн жалпы саны 1 130 бакты түзөт.

 

Жаан-чачындуу аба-ырайына карабастан, бак-дарактарды отургузуу боюнча акция ийгиликтүү өттү, муну биз көчөттөр үчүн жагымдуу белги катары карайбыз.