«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын аймагында 1130 бак-даракты отургузат

April 15, 2024, 09:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк (KICB) жана Ага Хандын өнүктүрүү боюнча уюму (АКДН) менен өнөктөштүктө бак-дарактарды ар жылдагы жазгы отургузууну уюштурат.

 

12 жылдын ичинде Фонд өнөктөр менен кызматташтыкта борбор шаардын мектептеринин жана балдар бакчаларынын аймактарын жашылдандыруу боюнча ишти жүзөгө ашырып, 18 600дөн ашык бак-дарактарды жана жашыл көчөттөрдү отургузду.

 

Ушул экологиялык демилгенин негизги максаты – мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүү, жаратылышка карата жооптуу мамилеге коомчулуктун көңүлүн буруу жана келечек муундар үчүн жашыл мейкиндикти түзүү.

 

Быйылкы жылы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу төмөнкүдөй 11 локацияда: № 35, 97, 98, 102 орто мектепте, № 7, 17, 18, 19, 20, 25 МБУда жана акыл-эси жактан артта калган балдар жана жетимдер үчүн Красная речкадагы атайын мектеп-интерната өткөрүлөт. 2024-жылы отургузулган көчөттөрдүн жалпы саны 1 130 бакты түзөт.

 

Бул акция өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча Фонддун туруктуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана биз аны андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз. Жашыл көчөттөр балдарыбыз үчүн мыкты жана жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле коомдук мейкиндикти алда канча туруктуу жана бардык жарандар үчүн жагымдуу кылат деп ишенебиз.