Ивановка айылында “Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве” долбоорунун алкагында жабдууларды жана башка материалдарды расмий тапшыруу болуп өттү

April 12, 2024, 13:01

2024-жылдын 9-апрелинде Ивановка айылында өз бизнес-пландарын ишке ашыруу үчүн “Татыктуу Жашоо” долбоорунун бенефициарларына жабдууларды жана башка материалдарды алууга сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өттү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) "International Alert Central Asia" өнөктөш уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык округунда “Татыктуу жашоо” долбоорунун биринчи этабын аяктап жатат.

 

Тапшыруу аземине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директорунун орун басары Арстан Сагынтай уулу, Ысык-Ата райондук администрациясынын башчысынын орун басары Сагынбаев Нурбек, Кең-Булуң айыл аймагынын башчысы Джекшембаев Бек, "International Alert" уюмунан Расым Маратова, долбоордун координатору Бекжан Оторов, долбоордун машыктыруучулары, эксперттери жана бенефициарлары катышты.

 

Саламдашуу сөзүндө Арстан Сагынтай уулу долбоордун катышуучуларын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады жана саамалыктарда бардыгына ийгиликтерди каалады. «Ийгиликтүү мамлекет бактылуу үй-бүлөдөн башталат, ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулукту четтетүү максатында биз бардыгыңарды ушул долбоордун алкагында алган тажрыйбаңарды жана билимдериңерди башка үй-бүлөлөр менен бөлүшүүгө чакырабыз. Ошондой эле Фонддун атынан "International Alert" уюмуна, Улуу Британиянын Өкмөтүнө, долбоордун эксперттерине, машыктыруучуларына зор ыраазычылык билдиргим келет. «Татыктуу Жашоо» долбоорун улантуу пландаштырылып жатат жана бул долбоор дагы көп үй-бүлөлөргө жардам берет деп ишенебиз», - деп кошумчалады Арстан Сагынтай уулу.

 

Ысык-Ата райондук администрациясынын башчысынын орун басары Сагынбаев Нурбек менен Кең-Булуң айыл аймагынын башчысы Джекшембаев Бек Ивановкада долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Фондго ыраазычылык билдирди жана келечекте да долбоорго көмөктөшүүнү каалагандыгын билдирди.

 

Программанын координатору Расым Маратова катышуучуларды жана команданы долбоордун аякташы менен куттуктады. «Силер долбоордун алкагында бардык 24 окутуучу семинардан өттүңөр жана жыйынтыгында өтө кызыктуу бизнес-пландарды жаздыңар. Андыктан силер алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга гана эмес, ошондой эле зор бийиктиктерге жетишесиңер деп үмүттөнөбүз. Алынган жабдуулар жана материалдар максималдуу натыйжалуу пайдаланылат жана ар бириңер сапаттуу продуктуларды жана мыкты натыйжаларды аласыңар деп ишенебиз. Ошондой эле баарыңарды өз кайын энеңерге жардам берүүгө жана алардын бардык саамалыктарында колдоого чакыргым келет. Долбоордун командасына, финансылык жардамы үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнө, долбоорду ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиргим келет», - деп айтты Расым Маратова.

 

Долбоордун координатору Бекжан Оторов «Татыктуу жашоо – Жизнь в достоинстве» долбоорунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу презентацияны жасады жана бенефициарлардын бизнес-долбоорлору жөнүндө айтып берди.

 

Давлетова Зульфиянын, Мелисбек кызы Айсулуунун, Джанибек кызы Айзиректин, Мурат кызы Назиранын, Бейшеналы кызы Бешимайдын, Алманбетова Гульзананын, Мирзоева Тахминанын үй-бүлөлөрү тигүү жабдууларын – тигүүчү жана оверлок машиналарын, парогенераторлору бар үтүктөрдү, тигүү ишиндеги өз бизнес-пландарын ишке ашыруу үчүн стулдарды жана столдорду алды.

 

Эргешова Мубарактын, Бакытова Фатиманын, Дуйшекеева Наргизанын, Ташбай кызы Аселдин, Сагындыкова Турдугүлдүн үй-бүлөлөрү кант кызылчасын өндүрүү үчүн үрөндөрдү жана жер семирткичтерди алды.

 

Сарманова Айгүлдүн үй-бүлөсү бройлер балапандарды өстүрүү боюнча бизнес-планды жазды жана инкубатор түрүндөгү жабдууну, төрт этаптуу аралаш тоютту жана бизнес-планды ишке ашыруунун баштапкы этабына балапандарды алды.

 

Алтынбек кызы Перизат өз айылында сулуулук салонун ачуу боюнча бизнес-долбоорду жазды. Мурда ал кардарларды үйүндө кабыл алчу, эми анын үй-бүлөсү чач тарачты ачууну пландаштырып жатат, ошол жерде ал иштеп жана көбүрөөк кардарларды тейлей алат. Долбоордун алкагында ага чач тарачтын жабдуулары: күзгүлөр жана креслолор, чач тарачтын жуугучу жана сууну ысыткыч тапшырылды.

 

Рахматжан кызы Маликанын үй-бүлөсү тез тамактануу жайын ачуу боюнча долбоорду жазды. Алар өз күчү менен жайды тапты жана этаптуу ишти баштады. Жазылган бизнес-пландын алкагында катышуучуга жана анын үй-бүлөсүнө тоңдуруч камера, фритюрница, гриль, духовкалар, этти бышыруу үчүн меш жана ашкана бычактары түрүндөгү турмуш-тиричилик буюмдары жана башкалар тапшырылды.

 

«Татыктуу жашоо – жизнь в достоинстве» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан "International Alert" өнөктөш уюму менен бирдикте Улуу Британиянын Өкмөтүнүн финансылоосу менен ишке ашырылды. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кодулоодон арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга багытталган.

 

Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык округунда долбоордун экинчи этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Экинчи этап үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуунун фактору катары экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.