"Жаз, акын" поэзия кечеси болуп өттү

April 4, 2024, 07:37

"Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан уюштурулган “Жаз, акын” аталышында поэзия кечеси 2024-жылдын 3-апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде болуп өттү.


Кечеде Улуттук универститеттин студенттери жаш акындар Жибек Сапар кызынын, Улан Дөөлөтовдун жана Жыпара Кутпидиновнанын чыгармалары жаңырды.

Кечени Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору Жеңиш Бексултанов ачып берди. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду акындарды колдоп биздин университетте мындай иш-чара уюштуруп берип атканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз, Ректорубуз Төлөбек Абдрахмановдун атынан салам айтып, жаш таланттарыбыз маанилүү маңыздуу ырларын элге арнап, ыр дүйнө өркүндөп өсө берсин” деген тилектерин билдирди.

Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова 2016-жылдарга чейин кыргыз акындарына, дегеле поэзияга көңүл бурулбай калгандыгын айтып Роза Исаковна тарабынан белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган “Поэзия кечелерин” уюштуруу демилгеси башталганын айтты.

“2016-жылы биринчи жолу март айында Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдыгына карата “Поэзия кечеси” өткөрүлгөн. Андан тарта бул демилге ай сайын уюштурулуп, бүгүнкү кече 47-иш-чара болуп, 127ден ашуун акындар катышып, тушоолору кесилди. Учурдан пайдаланып Улуттук университеттин ректоратына, жалпы жамаатына, “Жаңы толкун” адабий клубуна” уюштуруу иштерине колдоо көрсөткөнүңуздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми жаш акындарга көптөгөн ийгиликтер болуп, калемиңер курчуп “Эл акыны” деген наамга жетишиңерди каалайм”,- деген тилектерин билдирди Роза Кайыкова.

“Жаз, акын” кечесинин биринчи бөлүгүндө ыр айтыш болуп балалык баё сезимдер, ата-эне, алгачкы сүйүү, сырдашуу тууралы ырлар айтылды. Андан соң Улан Дөөлөтовдун калемине таандык “Жүрөк сатам” обондуу ырын Узак Урмат аткарды. Обондуу ырдын темасын улай кыздар арасында “Жүрөк сатуу” кантип болсун деген ыр айтыш болуп көрүүчүлөр шаңга бөлөндү.

Кеченин үчүнчү бөлүгү акындардын автордук ырлары, обондуу чыгармалар менен коштолду. Жыпар Кутпидинованын калемине таандык “Кусалык” обондуу ырын Каниет Сагынбекова аткарып иш-чара аяктады.