Кыргызстандын адаптациялык потенциалын чыңдоо: Чолпон-Ата шаарында экологиялык коркунучтардын тобокелдиктерин азайтуу жана мониторинги боюнча тренинг өттү

March 18, 2024, 10:04

2024-жылдын 19-марты, Чолпон-Ата – үстүдөгү жылдын 15-мартынан 19-мартына чейин Ысык-Көл областында тренинг ийгиликтүү өттү, ал климаттын өзгөрүшүнүн таасири, кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү (КТТ) стратегиялары жана экологиялык мониторинг инструменттерин пайдалануу жөнүндө экологиялык мониторинг топторунун мүчөлөрүн окутууга арналган.

 

Уюштурулган иш-чара Кыргызстанда мөңгү көлдөрдүн жырып кетиши жана сел процесстери менен байланышкан суу ташкындоолорго коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоого багытталган. Негизги басым жаратылыш кырсыктарынын мониторингинин улуттук системасын жана пилоттук аймактарда: Чолпон-Ата шаарында жана Чоң-Сары-Ой жана Бостери айылдарында адаптациялык потенциалды чыңдоого жасалган.

 

Долбоордун алкагында экологиялык мониторингдин адистешкен топтору түзүлдү, алардын катышуучулары: Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, өзөктүү адистер, пилоттук райондордун депутаттары, айылдык старосталар, Кыргыз активисттер альянсынын мүчөлөрү, жаштар жана кыз-келиндер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле экологиялык активисттер семинар-тренингге жигердүү катышты.

 

Тренингдин негизги максаты климаттын өзгөрүшүнүн таасири, КТТ стратегиялары жана экологиялык мониторинг инструменттерин колдонуу жагынан катышуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен байланышкан жаратылыш кырсыктарынын таасирин эске алуу менен туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде тобокелдиктерди башкаруу боюнча өз алдынча ишти уюштуруу жана ишке ашыруу максатында тоодогу көлдөрдүн ыктымалдуу жырып кетүү коркунучтарынын жана алар менен байланышкан селдердин алдында чабал коомдоштуктардын өкүлдөрү үчүн методикалык колдоо каралган.

 

Бул тренинг ПРООНдун «Жаратылыш кырсыктарынын мониторингинин улуттук системасын жана коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу Кыргызстанда муз көлдөрдүн жээктен чыгышынан (GLOF) жана селдерден тобокелдиктерди жана чабалдыкты төмөндөтүү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат, аны Япониянын өкмөтү финансылап жатат. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыргызстанда мөңгү көлдөрдүн жырып кетиши жана сел процесстери менен байланышкан суу ташкындоолорго коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоо» деген аталыштагы долбоордун үчүнчү компонентин жүзөгө ашырат.