Жергиликтүү демилгелерди каржылоо иш-чараларынын алкагында тандалып алынган долбоорлордун ээлери үчүн тренингдер өтүүдө

March 6, 2024, 10:10
Баткен жана Раззаков шаарларында 4-6-март күндөрү жергиликтүү демилгелерди каржылоо иш-чараларынын алкагында тандалып алынган долбоорлордун ээлери үчүн тренингдер өтүүдө.

Тренинг учурунда климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу, гендердик теңчилик жана социалдык биримдикке багытталган бизнес жана социалдык долбоорлорду жазуу, ишке ашыруу боюнча маалымат берилип,практикалык көнүгүүлөр аткарылууда Ийгиликтүү катышуучулардын долбоорлору конкурстун экинчи этабына каржылоо үчүн кабыл алынат.

Иш-чара БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланган "Аялдар - тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анын максаты - Кыргызстанда тынчтыкты сактоого өбөлгө болуучу климаттык коопсуздук проблемаларын чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдар уюмдарынын институттук потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.