«Санарип 50+» долбоорунун алкагында Фонддо ресурстук борбор ачылды

February 28, 2024, 06:18

2024-жылдын 27-февралында Бишкек шаарында «Санарип 50+» долбоорунун алкагында биринчи ресурстук борбордун ачылышы болду. Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү жана Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банктын экология жана социалдык жоопкерчилик бөлүмүнүн адиси Болот Жунушев катышты.

 

«Санарип 50+» долбоору ресурстук борборлорду ачуунун жана алардын толук баалуу иштешинин максатында Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас областтарында областтык методикалык борборлорго көмөк көрсөтүүгө багытталган. Бул зарыл жабдууларды берүү жана санариптик сабаттуулук боюнча окутуучу тренингдерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

 

Областтык методикалык борборлор зарыл жабдуулардын бар же жоктугуна суроо-талаптын натыйжасында тандап алынды, андан соң «Санарип 50+» долбооруна катышуу үчүн ылгап алынды. Долбоордун алкагында ресурстук борборлорго интерактивдүү панелдер, принтерлер, турмуш-тиричилик техникасы, компьютерлер жана башка жабдуулар берилди.

 

Долбоордун негизги максаты – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча билимдерди алуу жеткиликтүү болгон борборлорду түзүү; ошондой эле МКТ жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуучу тренингдерди өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу.

 

«Санарип 50+» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКнын финансылык колдоосу менен 2024-жылдын февралынын аягына чейин 5 ресурстук борборду ачууну пландаштырып жатат. 


Кыргызстандын региондорунда билим берүүнү жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн биз «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКга ыраазычылык билдиребиз.