Чолпон-Ата шаарында “Климаттын өзгөчө кырдаалдарына жамааттык жооп кайтарууну колдоо жана адам коопсуздугун жана жашыл трансформацияны колдоо үчүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү” долбоорунун алкагында алгачкы семинары өткөрүлдү

February 9, 2024, 10:10

Чолпон-Ата шаарында “Климаттын өзгөчө кырдаалдарына жамааттык жооп кайтарууну колдоо жана адам коопсуздугун жана жашыл трансформацияны колдоо үчүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү”  долбоорунун алкагында  алгачкы  семинары өткөрүлдү.


2024-жылдын 6-февралында Чолпон-Ата шаарында «Климаттык өзгөчө кырдаалга туруштук берүүнүн  жамааттык жолдорун колдоо жана адам коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жашыл трансформацияга  өтүүнүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү» долбоорунун алкагында алгачкы жолугушуу  өткөрүлдү.


Жолугушууга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук өкүлдөрү, жооптуу адистери, пилоттук айыл аймактардын жетекчилиги жана депутаттары, айыл башчылары, жаштар уюмдары, мектеп жетекчилиги, мектеп парламенитинин лидерлери, аялдар кеңештери, ошондой эле эко-активситтер катышты. Иш-чарада бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу  жана мониторинг кылуу боюнча ишке ашырылуучу долбоор тууралуу маалымат берилди.


Иш чарага БУУ башкы кеңсесинин өкүлү Ашыралиева Айдай, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Тахмина Аликбаева, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Рамис Мамбеталиев, Чолпон-Ата шаарынын вице мэри Мирлан Радикович, райондук суу чарба башкармалыгынын, малекеттик эко-тех инспекциясынын өкүлдөрү катышып көтөрүлгөн маселелер боюнча сөз сүйлөп, долбоордун башталышына кызуу колдоо көргөзүштү.


БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Тахмина Аликбаева «Климаттык өзгөчө кырдаалга туруштук берүүнүн жамааттык жолдорун колдоо жана адам коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жашыл трансформацияга  өтүүнүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү» долбоору жөнүндө презентация жасады. “Климаттын өзгөчө кырдаалдарына жамааттык жооп кайтарууну колдоо жана адам коопсуздугун жана жашыл трансформацияны колдоо үчүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу” боюнча презентацияны долбоордун координатору Чынара Абдыраимакунова жасады.


Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарындагы мөңгү көлдөрүнүн ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу коркунучтар  жана өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу темасында райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн калкты жана аймакты коргоо боюнча улук офицери Жумабаев Калыс Шамшиевич презентациялады. Жолугушуу өтө кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.


Бостери айылынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эльмира Абдылдаева климаттык өзгөчө кырдаалга туруштук берүүнүн  жамааттык жолдору боюнча долбоор абдан актуалдуулугун белгилеп, ыктыярчыларды жабдуулар менен камсыз кылууну суранды медиицналык алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу-тренинг уюштуруу зарылдыгын белгиледи.


Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясыныны башчысынын орун басары Рамис Мамбеталиев долбоордун командасына ыраазычылыгын билдирүү менен жергиликтүү калктын активдүү катышуусуна чакырып өттү. “Мен өзүм да геолог катары айтып коеюн, Кыргызстанда 2000 ашык мөңгү бар, анын ичинен 300 дөн ашуун көл бар, анын 170 Ысык-Көлдө жайгашкандыгы биз үчүн кооптуу. Алдын-алуу боюнча маалымат бизге келип жаткан соң, биз пайдасын көрүп колдонуп калышыбыз керек. “Маалыматы бар адам, “куралданган” даяр адам” деп макалда айтылгандай,биз алдын-ала чараларды көрүүгө милдеттүүбүз”-деди Мамбеталиев.


Долбоор БУУнун Өнүктүрүү  Программасы тарабынан Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагындагы “Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу”  боюнча тапшырманы  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду пилоттук Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарында ишке ашырмакчы.


Долбоордун алкагында Фонд экологиялык мониторинг тобун түзүп,климаттын өзгөрүшүнүн таасири, коопсуз жүрүм-турум, биринчи жардам көрсөтүү, айлана-чөйрөнү моделдөө жана мониторинг инструменттери боюнча окутууларды өткөрөт. Ошондой эле максаттуу айылдарда жамааттар жана туристтер үчүн гендердик маселелер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.


Долбоор борбордук жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу мониторинг системасын түзүүгө багытталган. Себеби мониторингдин жетишсиздиги кырсык коркунучтарынын таралышы жана катаалдыгы жөнүндө билимдин жетишсиздигине алып келүү менен тобокелдиктерди аныктоону кыйындатат. Ысык-Көл районундагы Күнгөй Ала-Тоодогу мөңгү зонасынын эриши калк жыш жайгашкан аймактарга коркунуч туудурат. 


Түбөлүк тоңдун кыйрашына байланыштуу климаттын өзгөрүшү жана жердин температурасынын жогорулашы шартында Кыргызстанда 2000ден ашык тоо көлдөрүнө коркунуч жаралууда. Алардын дээрлик 20% табигый дамбалардын туруксуздугунан, тез-тез төгүлүшүнөн жана дамбалардын ичинде көмүлгөн муздун эришинен улам жоголуп кетүү коркунучунда. Мөңгүлүү көлдөрдүн бузулуу коркунучу жыл сайын 328 учурга бааланат. Мөңгүнүн акыркы ири кыйрашы 8-жылдын 2022-июлунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон.