Япониянын элчисинин жубайы менен жолугушуу өттү

February 7, 2024, 12:26
2024-жылдын 8-февралында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү менен Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэкинин жубайы Года Юринин жолугушуусу өттү.

Жолугушууда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова уюмдун басма иш-аракети тууралуу маалымдап, Года Юри айымга Фонд басып чыгарган “Манас – кыргыздын баатырдык эпосу” китебин белекке берди. Года Юри айым Фонддун басма иш-аракетин жогору баалап, уюм басмаканалар сыяктуу ири иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле Года Юри айым япон жана кыргыз элинин маданиятын тааныштырган, ортодогу достукту бекемдеген, Японияга окууга барып ал жактын маданияты менен жакшы тааныш болгон кыздын жашоосу баяндалган “Достук” китебин кыргыз жана орус тилдериндеги 40 даанасын Фонддун китепканасына тапшырды.

Года Юри айым Фонддун долбоор жана демилгелери менен таанышып “Жылдыздар китеп окуйт” акциясына жана башка иш-чараларга катышуу ал үчүн кызыктуу болоорун белгиледи.

Жолугушууда тараптар маданий алака, эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.