«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун китеп басып чыгаруу боюнча эл аралык конференцияга катышуусу

January 31, 2024, 07:26

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ маанилүү чыгармаларды биргелешип которуу жана басып чыгаруу маселелери боюнча Эл аралык конференцияга катышты, ал 2024-жылдын 30-январында Кытайдын Пеĸин шаарында өттү.  

 

Конференциянын алкагында Кытай эл аралык коммуникациялык тобу демилгелеген Кытай тематикасындагы китептер үчүн китеп басып чыгаруу иши жагынан кызматташтыктын эл аралык механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

 

Иш-чарага ошондой эле Болгария, Венгрия, Греция, Индия, Кения, Корея, Пакистан, Таиланд, Өзбекстан сыяктуу жана башка 20 өлкөдөн уюмдар жана басылмалар катышты.