ИИМдин Академиясында “Жанмуза” поэзия кечеси өттү

January 29, 2024, 22:49
Бүгүн, 2024 -жылдын 30-январында, КР ИИМдин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясында (КР ИИМдин Академиясы) “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду “Жанмуза” аталышында поэзия кечесин өткөрдү.

Иш-чарада Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Ырысгүл Изатованын жана "Сүйология" китебинин автору Мирлан Алтымыш уулунун чыгармалары жаңырды. Авторлордун кечеси 3 бөлүктөн туруп, акындар махабат лирикасы, жарандык лирика жана эркин темадагы чыгармаларын аткарышты.

Фонддун долбоорлорунун координатору Чынара Абдраимакунова окуу жайдын студенттерине жана жалпы жамаатына ийгилик каалап, Поэзия кечесинен жан дүйнөнү азыктандырып кетүүгө чакырды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун артыкчылыктуу багыттарынын бири-маданий агартуу. Бүгүн Фонд 46-поэзия кечесин уюштуруп жатат, 113 акындын чыгармачылык кечелери өттү. Бүгүнкү ыр майрам сиздердин патриоттук сезимдерди күчтөнтүп, маданий жана рухий эс алуунуздарга камсыздашына ишенебиз.”-деди Чынара Абдраимакунова.

ИИМ Академиясынын окутуучусу Айжамал Айталиева окуу жайдын студенттери үчүн Фонддун маданий демилгелери салттуу болуп баратканын белгиледи. “Көп жылдардан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ менен кызматташып келебиз, мурун Поэзия кечелерине филармониядан күбө болсок, бүгүн агачкы жолу акындар биздин Академияга келип жатышат”-деди Айжамал Айталиева.

Рыскүл Изатова жана Мирлан Алтымыш уулу кечени жыйынтыктап жатып “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна жаш акындарды

Иш-чарага Академиянын 1,2,3 курсунун 200 студенти катышты. Кече акын Садырбек Турдубек уулу алып баруусунда, Нуржигит Молдояровдун обондуу ырлары менен коштолду.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.