Бишкекте корей музыкалык маданиятына арналган «Музыка – элдин дили» концерт-лекциясы болуп өттү

November 26, 2013, 06:00

24-ноябрда Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында Кыргызстанда жашаган этностордун музыкалык маданиятына арналган «Музыка – элдин дили» жаңы музыкалык-билим берүү программасынын алкагында биринчи концерт-лекция болуп өттү.

 

«Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын биринчи концерти Кыргызстандагы корей диаспорасынын музыкалык маданияты менен таанышууга арналды.

 

Көрүүчүлөр тигил же бул ырды угуп гана тим болбостон, ошондой эле бийди, салттарды – мисалы, байыркы корей таазим этүүсүнүн тарыхын, корей салттуу костюму эмнеден тураарын биле алды. Эң белгилүү ыр салтын – Ариранды угуп, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилген – «Гангамсулэ» бийин көрө алды. Концерт-лекция меймандарга музыкалык номерлерди гана эмес, ошондой эле ар бир номер келип чыгышынын тарыхы, мааниси жана маңызы жөнүндө кызыктуу маалыматты сунуш кылды.

 

Программанын ачылышында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана Фонддун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева баса белгилегендей: «Кыргызстан башкалардан бөлөк жашай албайт жана жалгыз улуттуу боло албайт. Этностор ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу үчүн кыргызстандыктар бири-биринин маданиятын билүүгө, түшүнүүгө жана урматтоого тийиш».

 

Концертте чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жана эл аралык уюмдардын көптөгөн өкүлдөрү болду. Батыш Европа өлкөлөрүндө жана АКШда балдар бакчаларынан тартып элдин коомдук уюмдарына чейин бардык деңгээлдердеги ушундай иш-чаралар кеңири орун алган жана салтка айланган көрүнүш.

 

«Музыка – элдин дили» программасы өзүнө 11 этностун музыкалык маданиятына арналган 11 концертти камтыйт.

 

Программаны «STart» полиграфиялык комплексинин жана «Азия Банкынын» колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Кыргызстан калкынын Ассамблеясы Кыргыз Улуттук консерваториясы менен бирдикте уюштурду.

 

Программанын максаты – көп маданияттуу мамлекеттин ой-максаттарын алга илгерилетүү, маданияттардын диалогун, ар кыл улуттардын ортосундагы сабырдуулукту жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү. Программаны өткөрүүнүн концерт-лекция түрүндөгү формасы Кыргызстандын көп улуттуу калкынын музыкалык маданияты менен терең таанышууга гана эмес, ошондой эле этностордун салттарын сактоого көмөктөшөт.