Токмок шаарында ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн жана активисттердин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү боюнча тренингдер башталды

January 9, 2024, 09:05

2023-жылдын 20-декабрында Токмок шаарында «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттин (ҮЗАК) мүчөлөрүнүн жана Токмок шаарынын активисттеринин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү» долбоорунун алкагында белгилөөчү тренинг өткөрүлдү.

 

Тренингдин максаты – Токмок шаарында Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитетти (ҮЗАК) түзүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү боюнча көмөктөшүү үчүн чара катары ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу.

 

Маалымат үчүн: ҮЗАКтар КР Өкмөтүнүн токтому менен бардык калктуу конуштарда түзүлгөн. Бирок иш жүзүндө ҮЗАКтар иштебейт жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жардам берүү механизмдерин билбейт.

 

Токмок шаарынын активи үчүн тренингдердин сериясы ҮЗАКтарды түзүү, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына практикалык жардам берүү үчүн ар түрдүү мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизми жөнүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Тренингди гендердик укук коргоочу, гендердик укук боюнча эксперт Гүльбарчын Жумабаева алып барат.

 

Иштеп жаткан, ошондой эле жаңыдан түзүлүп жаткан ҮЗАКтардын башкы максаты – үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү боюнча алдын алуу иши. Ошондуктан ҮЗАКтын курамына кварталдык төрагалар, жаштар комитеттеринин мүчөлөрү, ИИМдин, ЦСМдин өкүлдөрү кирүүгө тийиш. Практика көрсөтүп тургандай, тиешелүү органдардын өтө көптөгөн кызматкерлери жабыркагандардын (көбүнесе аялдар менен балдардын, улгайгандардын) коопсуздугун көп учурда этибарга албайт, ошонун өзү менен зомбулуктуу адамдарга көмөкчү болууда.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен «ҮЗАКтын мүчөлөрүнүн жана Токмок шаарынын активисттеринин гендердик сезимталдыгын жогорулатуу аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү» долбоорун ишке ашырып жатат. Мында айтылган пикирлер, тыянактар жана корутундулар же сунуштамалар авторлордун пикирин билдирет жана АКШнын Мамлекеттик Департаментинин көз карашы сөзсүз эле чагылдырбайт.