STEM4ALL x Mentoring Her программасынын менторлорунун жана шакирттеринин экинчи жолугушуусу

December 25, 2023, 09:22

2023-жылдын 25-декабрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде STEM4ALL x Mentoring Her программасынын менторлорунун жана шакирттеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору Япониянын өкмөтү финансылап жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду ишке ашырып жаткан Digital x программасынын алкагында БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленген (долбоорду ишке киргизүү жөнүндө пресс-релиз).

 

Жолугушуунун максаты программада катталган менторлордун жана шакирттердин ортосундагы маанилүү байланышты түзүү жана STEM’дин ролу жөнүндө, ошондой эле STEM4ALL x Mentoring Her ментордук программасы жөнүндө кең-кесири маалыматты берүү болду.

 

Жолугушууда STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун эксперти, Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева келечектүү мансап үчүн STEM-багыттарынын мааниси жөнүндө айтып берди жана илим, технология, инженерия жана материматика чөйрөлөрүнө кыз-келиндерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

ПРООНдун жакындагы "Кыргызстандагы STEM’деги айымдардын муктаждыктарын баалоо" (2023) деген отчетуна ылайык кыз-келиндер окутуу жана мансаптык өсүш процессинде ментордук колдоого муктаж. Насаатчылыктын бул программасы айымдардын муктаждыктарын эске алуу менен демилгеленген.

 

Долбоордун эксперти Асель Джакыпбекова шакирттер үчүн өнүктүрүү боюнча soft skills (ийкем/социалдык жөндөмдөр) лекцияларынын программасы боюнча маалыматты сунуш кылды, анда программага катышкан ар бир шакирт үчүн өнүктүрүүнүн жол картасынын мисалдары бар.

 

STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун координатору Альбина Осмоналиева менторлорго жана шакирттерге долбоордун максаттары жөнүндө айтып берди, анын жыйынтыктары боюнча мыкты менторлор менен шакирттер, ошондой эле STEM багытты алга илгерилетип жаткан уюмдар аныкталды.

 

Бул ментордук жолугушуулардын экинчи тобу болду. Бүгүнкү күндө программада 202 ментор жана 345 шакирт катталган. Долбоордун алкагында программага катышкан кыз-келиндер үчүн төмөнкүдөй темаларга лекциялар уюштурулду: лидерликтин негиздери, тайм-менеджменттин негиздери, финансылык менеджменттин негиздери, эмоционалдык интеллект, эмпатия жана сын көз менен ой жүгүртүү. Насаатчылар менен шакирттер үчүн телеграм каналда шашылыш линия иштейт. 2024-жылдын январынын аягында корутунду иш-чара өтөт, анын алкагында STEM4ALL x Mentoring Her программасынын мыкты катышуучулары жана өнөктөрү аныкталат.

 


STEM4ALL менторлук программасы менен байланышкан бардык маселелер боюнча долбоордун координаторуна кайрылыңыз stem4all@roza.kg.

ЖМК үчүн байланыш - Айнагуль Абдрахманова, ПРООН, ainagul.abdrakhmanova@undp.org