Поэзия — теңдиктин жарчысы. Жыйынтыктоочу квиз.

December 21, 2023, 07:40


“Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциясынын” алкагында Ивановка айылында поэзия кечеси жана «Татыктуу Жашоо» долбоорунуны катышуучулары менен биргеликте квиз өткөрүлдү.


2023-жылдын 3-декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Чүй облусунун Ивановка айыл өкмөтүндөгү  №3 башталгыч мектебинде “ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ” аттуу поэзия кечесин өткөрдү. Иш-чарада КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпара Исабаева, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Абдыжалил Бетегеев жана КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Венера Акматова ата-эне, кыз-келин, бала, жаратылышты коргоо тууралуу ырларын окуп беришти.


Ивановка айылынын тургундары Роза Суурулова жана Акылбек Турсуналиев атындагы 2 мектептин 11-классынын окуучусу Малика Сулайманова өздөрү жазган ырларын окуп беришти жана бул иш-чара алардын жан дүйнөсүнө азык берип, эс алдырганын айтып уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

 


Мындан сырткары “Татыктуу Жашоо” долбоорунун алкагында кеченин жана долбоордун катышуучулары менен жыйынтыктоочу квиз оюну уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды.


Долбоордун катышуучусу Жекшенов Асан “Кыргыздарда кыздарга өзгөчө мамиле кылынып келинген, алар төргө отуруп, өзгөчө сый-урматка бөлөнүп турушчу. Бул долбоорго катышуу менен кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала алдык. Бул долбоорду ишке ашырып берген “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондуна ыраазычылыгымды билдирем”,- деди.


Ошондой эле Мелисбек кызы Айсулуу мындай иш-чаралар үй-бүлө ичинде ынтымыкты, сый-урматты жогорулатаарын баса белгилеп, долбоорго катышуу көптөгөн пайдалуу маалымат берип, жашоосун жакшы нукка бургандыгын айтып өттү.


Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова акындарга, кечеге келген Ивановка айылынын тургундарына ыраазычылыгын билдирип өттү. Ошондой эле “Татыктуу жашоо” долбоору Ивановка айылынын тургундары жана гендердик зордук-зомбулукту алдын алуудагы маанилүү долбоорлордун бири экенин айтып өттү.  Эң негизгиси бул долбоор аркылуу үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ой жүгүртүүсү, көз карашы, бири бирине кылган мамилеси жакшы жака өзгөртүүгө багыт койгону сүйүндүрөт. Долбоор өзүнүн максатына жетип жатканын, катышуучулардын айтып жаткан ой-пикирлеринен, жигердүү катышып жаткандарынан байкасак болот, деп билдирди.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) эл аралык "International Alert" уюму менен биргеликте Чүй областынын Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында “Татыктуу жашоо” долбоорун ишке ашырып жатат, аны Улуу Британиянын Өкмөтү каржылайт. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кысымга алуудан арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.


Кошумча маалымат: Бул долбоор эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.