Роза Отунбаева: Афганистандын де-факто бийликтери менен диалогдо сабырдуу болуу керек

December 22, 2023, 11:15
БУУнун Жаңылыктар кызматынын фотосу БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун ушул өлкө боюнча миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева .

Ар кайсы жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри жана президенти болуп кызмат кылган Роза Отунбаева бүгүнкү күндө БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн жана БУУнун ушул өлкө боюнча миссиясынын жетекчисинин кызмат ордун ээлейт. Ага де-факто бийликтери кыз-келиндерди мыйзамдан тышкары деп жарыялап, аларга иштөөгө, окууга жана коомдук жерлерге барууга тыюу салган мамлекетте жашоого жана иштөөгө туура келүүдө. Мында талибдер Роза Отунбаева менен тез-тез жолугушуп турат жана ага урматтоо менен мамиле кылат.

«Мен эч кандай кодулоону байкаган жокмун. Биздин мамилелерибиз ойдогудай иштиктүү деп ойлойм», – деп ой бөлүштү Отунбаева БУУнун Жаңылыктар кызматына интервьюсунда, ал үчүн Отунбаева БУУнун штаб-квартирасына жакындагы визитинин жүрүшүндө убакыт тапкан.  

Талибдердин арасындагы өзүнүн кадыр-баркын Отунбаева аларды аялдардын укуктарын кысымга алуу саясатынан баш тартууга ынандыруу үчүн пайдаланууга аракеттенүүдө. «Мен талиб министрлери менен дайыма сүйлөшүп турам жана алар диалогго барып жатат, анткени эл аралык карым-катыштардын баалуулугун түшүнөт, – дейт Отунбаева. – Алардын бардыгы мурда моджахед болгон, салгылашып келген. Алардын ар бир үчүнчүсү [абакта] Гуантаманодо отуруп келген. Алардын өмүр баяны ушундай. Ошого карабастан биз бардык багыттар боюнча иштеп жатабыз. Мен аларга: «Уксаңар, мусулман өлкөлөрүндөгү ондогон жана жүздөгөн министр айымдарды, президент айымдарды айтпаган күндө да, аялдардын колунан бардыгы келет, миссияларга жетекчилик кыла алат» деп айтам».

Мен талиб министрлери менен дайыма
сүйлөшүп турам жана алар диалогго барып жатат, анткени эл аралык
карым-катыштардын баалуулугун түшүнөт.


Азырынча талибдерди ынандыруу мүмкүн болбой жатат, бирок Роза Отунбаева үмүт үзгөн жок. «Сабырдуулук, сабырдуулук жана дагы бир жолу сабырдуулук керек», – дейт ал.

Кыштын алдындагы жардам

Сентябрдын аягында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөп жатып – бул анын Нью-Йоркко визитинин башкы максаты эле – болуп жаткан окуяларга карабастан, эл аралык коомчулук Афганистанга сыртын салууга тийиш эмес деп билдирди атайын өкүл.

«Өлкөнүн көйгөйлөрү өтө эле көп, – деп билдирди ал БУУнун Жаңылыктар кызматына интервьюсунда. – Бирок, кыязы, эң курч көйгөйлөрдүн бири – быйылкы кыштан аман чыгуу үчүн зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги. Афганистанда кыш өтө катуу, ал эми эли бактысыз, кедей, карды ач, оорулуулар көп, анткени өлкөдө 40 жыл бою согуш жүрдү, ар бир үй-бүлөдө жоготуулар бар». 


БУУнун Афганистандагы Миссиясынын фотосу/Э. Каналстейн Баңгиликтен миллиондогон афгандыктар жабыр тартууда.

Миллиондогон афгандыктар баңгиликтен жабыр тартып жатат 

Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, Афганистанда болжол менен 40 миллион адамдын ичинен беш миллиондон сегиз миллионго чейинкиси баңгиликтен жабыр тартат, алардын ичинен миллиону – аялдар менен балдар. «Көптөгөн айымдар килем токуу менен алектенип жүрүп баңги болуп калат. Бул бир ыргактагы жана өтө кыбыр иш, андыктан уктап калбоо, ишти улантуу үчүн алар баңгизатты колдонот», – деп түшүндүрдү атайын өкүл.

Эркектер да узакка созулган жумуш күнүнө организм чыдашы үчүн апийимди дем берүүчү каражат катары колдонот. «Ошентип жатып алар бара-бара ага көнүп кетет, – деп кошумчалады Отунбаева. – Дагы бир көйгөй – дары-дармектердин жетишсиздиги, анын айынан афгандыктар өтө көп учурда элдик каражаттарды колдонот, көп учурда алардын бири ошол эле апийим болуп калууда. Аны ооруганда, бардык ооруларга карата колдонот».


Финансылоонун жетишсиздиги

Отунбаева тамак-аштын жетишсиздигинен арыктаган балдар дарыланып жаткан, колу-бутунан ажыраган адамдарга протездер кол менен жасалып жаткан, баңги афгандыктар жаман адаттан арылууга аракеттенип жаткан клиникаларга дайыма барып турат. «Кайда барбасаң, аягы көрүнбөгөн жакырчылык, – дейт ал, – ал эми адекваттуу жардамга каражаттар жетишпейт».

Кайда барбасаң, аягы көрүнбөгөн
жакырчылык, ал эми адекваттуу жардамга каражаттар жетишпейт


Финансылоонун жетишсиздиги, атайын өкүлдүн айтымы боюнча, азыркы өкмөттүн аракеттеринин натыйжасы болуп калды, ал жашоо-турмуштан афгандык кыз-келиндерди толугу менен чийип салууга аракеттенип жатат. «50 ченем жана жарлык кабыл алынды, алар кыздарга алтынчы класстан кийин окууга тыюу салат, аларга университеттерде окууга тыюу салат. Кыз-келиндерге сейил бакка, машыгуу залдарына, мончого барууга болбойт. Мен жолугушкан айымдар үйдө ысык суу жок болуп калган шарттарда балдарды мончого алып бара албайбыз – эми буга да тыюу салынган деп айтышты, дейт Отунбаева. – Аялдарга карата ушундай мамиленин айынан донорлор – негизинен батыш өлкөлөрү – жардам бөлүүдөн баш тартууда».

Мында, деп кошумчалайт БУУнун өкүлү, талибдер эл аралык коомчулук аларды таануусун, алардан санкцияларды алып салуусун каалайт.

© UNMAS  Афганистан кырк жылдан бери согуш шартында жашап жатат.

Өткөндүн сабактары

«Эл аралык коомчулукта «Талибан» бийликке биринчи жолу келгенден, өлкө талибдердин колуна тийгенден жана ал терроризмди жаратуучу болуп калгандан кийин тажрыйба пайда болду, – дейт Роза Отунбаева. – Ошондо 2001-жылдын 11-сентябрында терактылар болду. Эл аралык коомчулук ошол окуялардан сабак алды. Бүгүнкү күндө биз диалог жүргүзүүнү сөзсүз улантып жатабыз. Биз эл аралык коомчулукту билдиребиз, ал эми алар, өз тарабынан, өз дооматтарын коюп жатат. Бирок өлкө ойдогудай нукта өнүгүшү үчүн биз акыр аягында жалпы платформаны табууга тийишпиз. Бул, биринчи кезекте, кыз-келиндер көмүскөдөн чыгууга тийиш экендигин билдирет». 

БУУнун кызматкерлеринин Афганистандагы жашоосу

БУУнун кызматкерлери Кабулдун чет-жакасында жабык шаарда жашайт, ал бүткүл периметри боюнча кайтарылат. «Алиге чейин теракт коркунучу сакталып турат, – дейт Отунбаева. – Өткөн жылы Россиянын элчилигин жана негизинен кытайлар жашаган мейманкананы жардырышты, Пакистандын элчисин аз жерден өлтүрүп кое жаздашты. Алардын артында ДАИШтин боевиктери турушу мүмкүн, алар талибдер өлкөнү башкарууга кудуретсиз деп далилдөөгө аракеттенип жатат. Ошондуктан биз бардыгыбыз өтө сакпыз, бизге бир мүнөткө да бейкапар болууга болбойт».

Миссиянын аймагында эч кандай оюн-зооктор жок. «Талибдер музыкага тыюу салганын билесиңерби? Ал жакта эч кандай концерт, эч нерсе жок. Биздин эч бирибиз, мисалы, дүкөнгө жөн эле өз алдынча чыга албайбыз. Музыка жок, алкоголь жок, андыктан биздин жашообуз катаал», – деп жылмаят Роза Отунбаева.

 

Булак