Баткен облусундагы дизайн ой жүгүртүү боюнча тренингдери аяктады

November 20, 2023, 23:33

 Баткен облусунда пилоттук айыл аймагынын тургундары, активисттери менен чечим кабыл алуучу деңгээлдеги кызмат адамдары менен “ыкчам” жолугушуулар жана дизайн ой жүгүртүү боюнча тренингдери аяктады.


"Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында Баткен районунун Кара-Булак, Дара,Төрт-Гүл, Кыштут, Суу Башы айыл аймактарында жана Лейлек районунун Сумбула,Тогуз Булак, Кең Талаа, Лейлек айыл аймактарында айыл тургундары, активисттери менен чечим кабыл алуучу деңгээлдеги кызмат адамдары менен “ыкчам” жолугушуулар болуп өттү. “Ыкчам” жолугушуулардын максаты айыл аймактарынын Социалдык экономикалык өнүгүү
программасын иштеп чыгууда, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн көйгөйлүү маселелерди эл менен бирге аныктоо болуп эсептелинет. Бул жолугуулардын өзгөчөлүгү инновациялык ыкмаларды колдонуу менен, б.а. калктын бардык катмарын катыштыруу менен чечим кабыл алуучу кызмат адамдары менен бирдикте 1,5 сааттын ичинде катышуучулар белгилеген көйгөйлөрдү көтөрүп, талдап алуу. Бул ыкманын эң бир жакшы белгилей кетүүчү жагдайы- катышуучулардын (80—120 адамга чейин) чечим кабыл алуучу кызмат адамдары менен кенен пикир алмашуусу жана катышуучулардын кай бир маселелеринин жеринде чечилиши болууда. Ар бир пилоттук айыл аймактарында 9 “ыкчам” жолугушуулар болуп, аларга жалпы 764 адам (м.и. 495 аял, 286 эркек) катышты жана 147 чечим кабыл алуучу кызмат адамдары катышты. Ар бир айыл аймактарында көтөрүлгөн маселелер негизинен “Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун максатына ылайык климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, социалдык кызматташуу менен биримдикти, тынчтыкты чыңдоо жана гендердик өнүгүү маселелери болду. Жолугушууларда бул багытта калк арасында абдан
орчундуу маселелер бар экендиги, анын чечүү жолдору, аткарылуучу иш аракеттер да көтөрүлдү, катышуучулардын маалымдуулу да жогорулагандыгы айгине. Себеби, климаттын өзгөрүшү, климаттын өзгөрүшүнө адаптациянын маанисин, тынчтыкты колдоо, социалдык кызматташуу менен биримдикти чыңдоонун актуалдуулугун бардык катышуучулар белгилеп жатышты.

“Ыкчам” жолугушуулардан соң, активдүү катышуучулар, чечим кабыл алуучу кызматкерлер үчүн дизайн ой жүгүртүү тренингдер өткөрүлдү. Дизайн ой жүгүртүү тренингдерге жалпы 254 адам (м.и. 189 аял, 71 эркек) жана чечим кабыл алуучу кызмат адамдардан 45 жетекчи катышты. Катышуучулар айылдын жана айыл тургундарынын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ыңгайлашуу, гендердик өнүгүү жана социалдык биримдикти чыңдоо, тынчтыкты бекемдөө маелелерине байланыштуу жана башка өнугүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган абдан кызыктуу, инновациялык долбоорлорду ойлоп табышты, сунуш кылышты.

Бул иш чараларга Баткен жана Лейлек районундагы пилоттук айылдардын активисттери, жергиликтүү коомдук уюмдардын лидерлери фасилитатор жана мобилизатор катары жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Долбоор Баткен районунун 9 пилоттук айыл аймагындагы тынчтыкты, ынтымакты жана жамааттардын социалдык ынтымагын бекемдөөгө багытталган.

Коомчулуктун биримдиги жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелерине катышуусу идеясын илгерилетүү үчүн мотивация. Айыл аймактарында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, социалдык кызматташуу аркылуу жана гендердик сезимталдыкты камтыган жамааттардагы биримдикти чыңдоого багытталган жергиликтүү өнүгүү моделдерин иштеп чыгуу.

Долбоордун максаты- Кыргызстанда тынчтыкты сактоого алып баруучу климаттык коопсуздук маселесин чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдардын уюмдарынын институционалдык потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү. Жарандык активдүүлүктү жана коомчулуктун, борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуусун күчөтүү аркылуу тынчтыкты бекемдөө жана социалдык биримдикти чыңдоо. Коомчулукта аялдардын жана эркектердин активдүүлүгүн жогорулатуу, аялдар менен жаштардын жергиликтүү өнүгүү процесстерине кошкон салымын түшүнүү жана таануу, жамааттар менен ЖӨБ органдарынын тыгыз өз ара аракеттенүүсү, жамааттар менен ЖӨБ органдарынын тыгыз кызматташуусу – биргелешип пландаштыруу жана каржылоону издөө, демилгелерди биргелешип ишке ашыруу.

Ал БУУ Аялдар түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Search for Common Ground, Camp Alatoo, Жарандык платформа уюмдары менен өнөктөштүктөТынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.