Ат-Башы районунда мектептердин өнүгүү планын даярдоо боюнча тренинг өттү

November 13, 2023, 18:06

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектепте кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары менен тааныштыруу жана мектептин пландарын жакшыртуу максатында тренинг болуп өттү. 

 

Иш-чара 2023-жылдын 14-ноябрында ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулду. 

 

Тренингге “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору, социалдык педагогдору, STEM сабактарынын мугалимдери жана активдүү окуучулар катышышты.

 

Иш-чарага катышкан Ат-Башы районунун администрация башчысынын орун басары Жылдыз Жанталиева “Илимдеги кыздар” долбоорунун маанисин белгилеп, гендердик-сезимталдуулук жана STEMди өнүктүрүүгө арналган окутууларды колдой турганын белгиледи. Жылдыз Талантовна “Роза Отунбанванын демилгеси” Фондуна ыраазычылык билдирди.

 

Нарын облусунун методикалык борборунун директору Касымбек Мамытов так илимдерге окуучулардын кызыгуусун арттыруу аракеттери замандын талабына шайкеш келип жатканын белгилеп долбоордун ишине ийгилик каалап өттү.

 

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө долбоордун эксперти Жеңиш Урумов  долбоор алкагында жүргүзүлгөн мектептердин өнүгүү пландарынын кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары менен тааныштырды. 

 

Ал эми гендердик эксперт Чынара Давлетова “Гендер деген эмне?” темасында интерактивдүү презентация өттү. 

 

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар мектептердин өнүктүрүү планын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасында максаты мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү саясатына талдоо жүргүздү. Ошондой эле Фонд долбоор алкагында гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына саресеп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу багытында иш алып барат.   

 

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси аркылуу ишке ашырылууда.