"Илимдеги кыздар" долбоорунун пилоттук мектептери үчүн өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу боюнча тренинг болуп өттү

November 3, 2023, 11:07

2023-жылдын 3-ноябрында ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ваккер атындагы орто мектебинде пилоттук мектептер үчүн өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу боюнча тренинг болуп өттү. Бул иш-чара долбоордун алкагында жүргүзүлгөн кырдаалдык анализдин жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү.


Иш-чаранын ачылышына долбоордун координатору жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, ошондой эле ЮНИСЕФ долбоорунун программалык координатору Жыпара Турмаматова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Салтанат Өмүрбекова жана Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Нурбек Сагынбеков катышты.


Иш-чаранын алкагында долбоордун эксперти Жеңиш Урумов кырдаалдык анализдин жыйынтыгы менен тааныштырып, изилдөөнүн негизги аспектилери жөнүндө айтып берди. Андан кийин катышуучулар үчүн өнүгүү пландарын иштеп чыгууга багытталган тренинг өткөрүлдү. Катышуучулар пландаштыруу, ошондой эле илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы аспектилерди кантип эске алуу керектиги жөнүндө билим алышты.


Иш-чарада көтөрүлгөн өзөктүү учурлардын бири жалпы билим берүү уюмунун стратегиялык планы менен социалдык экономикалык пландоо пландары (СЭӨП) жана Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын (БӨС) өз ара байланышы болду.


Иш-чара катышуучулар үчүн ийгиликтүү жана пайдалуу болуп, натыйжалуу жана гендердик жактан сезимтал өнүгүү пландарын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон куралдар жана билимдер менен камсыз болду. Бул илимий-техникалык тармактарга катышуусун жогорулатуу, ошондой эле балдардын билим берүү укуктарын бекемдөө багытындагы маанилүү кадам.


ЮНИСЕФтин "илимдеги кыздар" долбоору балдарды коргоо борбору "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, БААУ инновациялык колледжи жана "Энактас Кыргызстан"коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.