"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн"долбоорунун алкагында эки күндүк тренингдер башталды

November 3, 2023, 10:40

2023-жылдын 3-ноябрында "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында Дизайн ой жүгүртүү куралдарын колдонуу менен эки күндүк тренингдер башталды.

 

Иш-чарага жергиликтүү Кара-Булак АА, Суу-Башы АА тургундары, активисттер, фасилитаторлор, мобилизаторлор жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

 

Тренингдин максаты жергиликтүү коомчулуктарда орун алган көйгөйлөр үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Дизайн ой жүгүртүү төмөнкү этаптарды камтыйт: эмпатия картасы,"5 эмне үчүн", идея, моделдөө.

 

"Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоору БУУ Аялдар түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Search for Common Ground, Camp Alatoo, Жарандык платформа уюмдары менен өнөктөштүктөТынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

 

"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоорунун максаты-Кыргызстанда тынчтыкты сактоого алып баруучу климаттык коопсуздук маселесин чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдардын уюмдарынын институционалдык потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.