Канаданын Кыргыз Республикасындагы элчиси менен жолугушуу өттү

November 1, 2023, 10:56
2023-жылдын 1-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун кеңсесинде Канаданын Кыргыз Республикасындагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Хэмсон менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу AGECS долбоорунун (кыргызча аталышы АтаМЕН) ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Иш-чарага ошондой эле Global Affairs Canada уюумунун өнүгүү боюнча адиси Аник Лабелль, Агахан фондунун Түндүк Америка боюнча директору Стив Мейсон, Агахан фондунун программалар боюнча улук менеджери Нора Абугендия жана гранттар боюнча менеджери Захра Севани катышты.

Жолугушуунун башында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жамаат менен тааныштырып өттү.

Андан соң “АтаМЕНен” долбоорунун координатору Азамат Алагоз уулу долбоордун аткарылышы жана натыйжалары тууралуу айтып берди. Долбоорду аткарууда Фонддун өнөктөшү болгон Кыргызстан Айылдык Ден соолук комитетинин ассоциациясынын өкүлү Рахат Мамыткожоев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жамааттын атынан даражалуу конокторго Кыргызстанда аталардын тарбияда катышуусун жогорулатуу максатын көздөгөн “АтаМЕНен” долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте дагы жемиштүү кызматташуу болооруна ишеним артты.