"Дом Надежды" социалдык мекемесинде “ТААЗИМ” поэзия кечеси өттү

October 27, 2023, 01:32
2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарындагы улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекеме болгон “Үмүт үйүндө” “ТААЗИМ” аттуу поэзия кечеси өттү.

Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан  “Жаңы толкун” адабий клубу менен биргеликте уюштурулду.

“ТААЗИМ” поэзия кечеси карылардын көйгөйлөрүнө жана “Үмүт үйүндө” улгайган адамдардын муктаждыктарына көңүл буруу жана ата-апалардын көңүлүн көтөрүү максатын көздөйт.

Ата-энеге арналган бөлүмдө Т.Кожомбердиев, С.Есенин, К.Таалайбек уулунун чыгаралары, Лирика бөлүмүндө В.Листомиров, А.Блок, Э.Асадов, А.Пушкин чыгармалары, Адамзат бөлүмүндө Ж.Дүйшөнбек уулунун, М.Махова жана Э.Турдукул уулунун, У.Омокеевдин, М.Маматжановдун чыгармалары жана обондуу ырлар жаңырды.

Кечеде карылар үйүндө жашаган чыгармачыл ата-апалар да өз ырларын окуп таланттарын тартуулашты. Зарина Мукамбетова, Лариса Акимкина, Мусина Юлия өз калемдерине таандын чыгармаларын окушса, Евгений Виноградов “Машина времени” тобунун Поворот ырын ырдап, Ашырбүбү Абдрахманова “Нарындан жазган салам кат” обондуу ырын ырдап берди.

Карылар үйүнүн жашоочулары кечедеги лириканы угуп жаш кезин эскеришсе, адамзатка арналган ырларда ойго батып, обондуу ырларды коштоп ырдап жатышты.Бул “Поэзия кечеси”алардын көңүлүн көтөрүп,жакшы маанай тартуулай алды.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова иш-чаранын максаты тууралуу айтып берип кеченин катышуучуларга бекем ден соолук каалап, Фонд тарабынан басып чыгарылган китептерди мекеменин китепканасына тапшырды.

“Умүт үйүнүн” директору Эркингүл Абдылдаева Фондго Ыраазычылык баракчасын тапшырып, чыгармачыл топко ийгиликтерди каалап өттү.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.