24-октябрда Кыргызстанда дароо эки кесиптик майрам белгиленүүдө

October 24, 2023, 09:48

24-октябрда Кыргызстанда дароо эки кесиптик майрам: Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматкеринин күнү жана БУУнун Эл аралык күнү белгиленип жатат.

 

Биз Фоддун уюштуруучусу, КР экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеваны анын түздөн-түз тиешеси бар майрамдары менен куттуктайбыз: Роза Исаковна СССР ТИМде кызмат кылган, үч жолу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын АКШдагы, Канададагы, Улуу Британиянын жана Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болгон. Роза Исаковнанын дипломатиялык мансабы аны СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча комиссиясынын Председатели кылып дайындоодон башталган. 2022-жылы Роза Отунбаева БУУнун Башчысынын Афганистандагы Атайын Өкүлү жана БУУнун Афганистандагы Миссиясынын башчысы болуп дайындалган.

 

Роза Исаковна, Сизге чың ден соолук жана кызматыңызда ийгиликтерди каалайбыз!

 

Сиздин зор тажрыйбаңыз, даанышмандыгыңыз, иш билгилигииз жана татаал кырдаалдарда чечимдерди таба билишиңиз Афганистандын калкына тынчтык алып келсин! Сиздин ойлоруңуз Сизге жардам берсин, ал эми Кыргызстан жөнүндө Сиздин ойлоруңуз Сизге иштөө үчүн дайыма күч берип турсун!

 

 

Терең урматтоо менен,

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты