"Жылдыздар китеп окуйт" акциясы уланууда

October 25, 2023, 09:34
Бүгүн, 2023-жыл 25-октябрында, Улуттук эне баланы коргоо борборунун алдындагы госпиталдык мектепте белгилүү теле жана радио алып баруучу Айгүл Курманова "Жылдыздар китеп окуйт" акциясынын алкагында балдарга кызыктуу жомок окуп берди.

Иш-чарада кичинекей бейтаптар конок менен жакындан таанышып,баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Айгүл Курманова балдарга китеп окуу өнүгүүгө кандай таасир этерин айтып, китеп окууга чакырды. Онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар абалына карабай кол өнөрчүлүк менен алектенип, сүрөт тартканды жакшы көрүшөт.

Госпиталдык мектепте иштеген педагогдордун эмгегин, алардын кесипкөйлүгүн жана боорукердигин өзүнчө белгилеп кеткибиз келет. Жаш бейтаптардын ата-энелери балдарына жомок угуу, баарлашуу, сүйүү жана камкордукту сезүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Бул акциянын алкагында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду балдар китептерин, стол оюндарын жана жемиш себетин белекке берди, алар жаш пациенттерге кошумча кубаныч жана позитивдүү эмоцияларды тартуулады.
"Жылдыздар китеп окуйт" акциясынын миссиясы өзгөрүүсүз калууда - балдарга китеп окуу маданиятын жайылтуу жана окуп берген чоңдордун санын көбөйтүү. Балдарга китеп окуу алардын Китеп дүйнөсүнө аралашуусуна гана жардам бербестен, алардын окууга болгон сүйүүсүн арттырат.

Китептер сыйкырдуу окуялар, тажрыйбалар, өзгөрүүлөр, ачылыштар, боорукердик, достук, берилгендик жана кайраттуулук дүйнөсүнө жол ачат.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду бардыгын бул миссияга кошулуп балдарга китеп окууга чакырат.