"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду балдар үчүн "365 кызык жана сонун илимий эксперимент" китебин кыргыз тилине которуунун үстүндө иштей баштады

October 23, 2023, 10:46
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду балдар үчүн "365 кызык жана сонун илимий эксперимент" китебин кыргыз тилине которуунун үстүндө иштей баштады. Китептин автору Элизабет Сноу Харрис. Бул басылма балдарга өз алдынча кызыктуу эксперименттерди жасаганды үйрөтөт.

Ар бир үйдө бар болгон материалдарды колдонуп, үйдө жөнөкөй илимий эксперименттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул баланы илимдин кең жана кызыктуу дүйнөсү менен тааныштыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк! Анткени илим ошол жөнөкөй кубулуштардан, кээде биз ойлобогон өзгөрүүлөрдөн башталат.
Китеп окуучулардын жайкы эс алуу мезгилинин башталышына даяр болушу пландалууда. Кыргызстандын булун бурчунда жашаган балдар илимий эксперименттерди өз үйүндө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Китепти которуу Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин котормо программасынын алкагында ишке ашырылууда (2023).