Баткен облусунда жеке бала бакчаларды ачуу боюнча консультативдик семинарлар өттү

October 13, 2023, 11:21

2023-жылдын 11-12-октябрында Баткен облусунда "Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоорунун алкагында жеке бала бакчаларды ачууга арналган консультативдик семинарлар өттү. Бул иш-чара пилоттук айылдардын кызыкдар тараптарын чогултуп, эрте куракта өнүктүрүүнүн маанисин жайылтууда жана балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылууда маанилүү кадам болду.


Семинардын максаты үйдө жеке бала бакча ачуунун укуктук жана башка талаптарын түшүндүрүү, ошондой эле балдарды эрте өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу маалымдоо болду. Семинарлар адистер менен долбоордун катышуучуларынын ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча боло алды.


Семинарларга "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун өкүлү Чынара Абдыраимакунова, Фонддун билим берүү программаларынын координатору Асель Жакыпбекова, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурсултан Бейшенбек уулу жана Ош Мамлекеттик пединститутунун кафедра башчысы Жыпара Шербаева катышышты. Эксперттер семинардын катышуучулары менен балдардын кенже куракта өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана үйдөгү жеке бала бакчаларды ачуу үчүн окуу программаларын түзүү принциптери тууралуу билимдери менен бөлүшүштү.


Иш-чара облустук администрациянын өкүлдөрү тарабынан да колдоого алынды.КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков өз сөзүндө жаш балдар үчүн билим берүү мекемелерин ачуунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгиледи.Ошондой эле Раззаков шаарында  болгон жолугушууга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Канымет Осмонбеков катышып, жеке бала бакчаларды ачуунун  актуалдуулугун белгилеп өз кезегинде аким раймамадминистрация менен Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары бул багытта бардык демилгечилерге колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурсултан Бейшенбек уулу өкмөттүк акселераторлордун программасы менен тааныштырып, анын өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүү үчүн маанисин белгиледи.


Райондук санитардык көзөмөл жана өрт коопсуздугу кызматынын адистери семинардын катышуучуларына балдар үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу менен жеке бала бакчаны ачуунун санитардык-техникалык талаптары жөнүндө маалыматтарды беришти.


Ошондой эле иш-чарада Фонддун "Үчтөн кийин кеч" жана "Бешке чейин үлгүр" ресурстары жана Фонд тарабынан атайын балдар үчүн чыгарылган китептер тууралуу маалымат берилди.  


Баткен облусунда жеке бала бакчаларды ачуу боюнча семинарлар жергиликтүү калктын суроолору боюнча уюштурулуп,жаш балдарга сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жана бул долбоорго катышкан аялдарды жана коомдук уюмдарды бул темага тартууга маанилүү кадам болуп калды.


"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоору "БУУ-Аялдар" түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Тынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.