Ош областынын Ноокат районунда «Илимдеги кыздар» долбоорун ситуациялык талдоо аяктады

September 20, 2023, 06:44

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ош областынын мектептеринде ситуациялык талдоону жүргүздү.

 

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ош областынын Ноокат районунун пилоттук мектептеринде ситуациялык талдоону жүргүздү.

 

Фонддун эксперти Жеңиш Урумов төмөнкү мектептерди өнүктүрүү планы менен таанышты:

Абу Райхон Беруни атындагы орто мектеп

Чапаев атындагы орто мектеп

М. Мамытов атындагы орто мектеп

А. Абдувоитов атындагы орто мектеп

К. Жунусов атындагы орто мектеп

А. Абдуллаев атындагы орто мектеп

К. Каримов атындагы орто мектеп

«Кенеш» орто мектеби

Г. Гулям атындагы орто мектеп

 

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Балдарды коргоо борбору, АУЦАнын Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.