«Кыргызстандын тынчтыкты жактаган жарандык коомунун активдүү кыз-келиндер уюмдары» долбоорунун алкагында Баткен областында «Акындар ынтымакты, тынчтыкты жана социалдык биримдикти жактайт!» акциясы өттү

September 18, 2023, 23:05
“Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдардын уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 18-сентябрында Баткен облусунун Чек жана Ак турпак айылдарында “Акындар ынтымак, тынчтык жана коомдук биримдик үчүн!” аттуу иш-чара өттү.

Акындар поэзия аркылуу жамааттардын тургундарын жалпы адамзаттык баалуулуктардын теңдик, биримдик, сабырдуулук, коомчулуктун ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын урматтоо принциптерине негизделген биргелешкен чыгармачылык демилгелерге чакырышты.

Бул иш-чара БУУнун Тынчтык куруу фонду жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, коомчулук менен биргеликте өткөрүп жаткан “Ынтымак жумалыгынын” бир бөлүгү болуп саналат.

“Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдардын уюмдары тынчтык үчүн” долбоору Тынчтыкты куруу фондунун финансылык колдоосу менен “БУУнун Аялдар” түзүмү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылып келүүдө.