Быйыл дагы "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" ФИНКА Банктан колдоо алышты

August 27, 2023, 22:18

Быйыл дагы "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" ФИНКА Банктан колдоо алышты.


Банктын колдоосу менен Кочкордогу "Бүбүкан апа" жана "Балаты нуру", Базар-Коргондогу "Наристе" жана Түп районундагы "Алтын балалык" жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы балдарга канцелярдык буюмдар, окуу материалдары, оюнчуктар жана башка буюмдар берилди. Бул колдоонун аркасы менен көптөгөн балдарга сүрөт тартуу, скульптура жана аппликация жасоо мүмкүнчүлүгү берилди. Он жылдан бери "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" демилгеси "Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду тарабынан натыйжалуу ишке ашырылууда. Бул демилге коомдун аялуу катмарына, айрыкча мал чарбачылык менен алектенген үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Жайлоодогу борборлордон билим алган балдар башталгыч мектепке өткөндө окуу жана математика көндүмдөрүн ийгиликтүү өздөштүрүп жатканы өзгөчө байкалат. Банк бардык адамдар өз билимин, талантын жана күч-аракетин өз тагдырын өзү куруу үчүн колдоно ала турган коомду түзүүдө өз салымын кошуп келет.


​​​​"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду ФИНКА банкка Кыргызстандын бийик тоолуу региондорунда жашаган балдардын өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылууга жумшаган инвестициясы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.