Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» кайрадан колдоду

August 29, 2023, 22:10

Быйылкы жылы Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» кайрадан колдоду. Банктын көмөктөшүүсү менен Ноокен районундагы Тоскоол-Ата борбору, Талас областындагы балдар борбору, Нарын областындагы жайлоодогу эки өнүктүрүү борбору канцеляриялык товарлар, окуу куралдары, оюнчуктар менен камсыз болду.

 

Компаньон Банкы бул долбоорду 8 жылдан бери колдоп келүүдө. Бул жардамдын аркасында көптөгөн балдарга сүрөт тартуу, пластилинден буюмдарды жасоо, бойоо, аппликацияларды жасоо мүмкүнчүлүгү берилди.

 

Он жыл катары менен «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» демилгесин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду натыйжалуу ишке ашырып жатат. Бул демилге коомдун аялуу катмарлары үчүн, атап айтканда, малчылардын балдары үчүн билимге бирдей жеткиликтүү шарттарды камсыз кылууга багытталган. Белгилеп кетүү керек, жайлоолордогу ушул борборлордо окутуудан өткөн балдар башталгыч мектепке кирүүдө китеп окуунун жана эсептөөнүн мактаарлык жөндөмдөрүн көрсөтүп жатат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бийик тоолуу региондорунда жашаган балдардын өсүшүн жана өнүгүшүн камсыз кылууга кошкон салымы үчүн Компаньон Банкына өзүнүн чын дилден ыраазычылыгын билдирет.