​Ала-Бука районунда иш алып барып барган "КАЗ Минералс Бозымчак" Ала-Бука районундагы жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна колдоо көрсөттү

September 6, 2023, 21:54

​Ала-Бука районунда иш алып барып барган "КАЗ Минералс Бозымчак" Ала-Бука районундагы жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна колдоо көрсөттү. Компаниянын көмөгү менен "Барчын" , "Бермет", "Балапан", "Чанач-Сай", "Баластан" жайлоо өнүктүрүү борборлору канцелярдык товарлар, окуу куралдар, оюнчуктар жана музыкалык аспаптар менен камсыз болушту. Бул жардам аркылуу көптөгөн балдарга сүрөт тартуу, скульптура жасоо, боёо, музыка аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүгү берилди.


Он жылдан бери "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору" демилгеси "Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду тарабынан натыйжалуу ишке ашырылууда. Бул демилге коомдун аярлуу катмары, атап айтканда малчылардын балдары үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. Белгилей кетчү нерсе, жайлоодогу бул борборлордо билим алган балдар башталгыч мектепке өткөндө мактоого татырлык окуу жана эсептөө жөндөмдөрүн көрсөтүүдө.


​​​​​"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган балдардын өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымы үчүн "КАЗ Минералс Бозымчак" терең ыраазычылыгын билдирет.