«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эксперттери ситуациялык талдоону жүргүздү

July 4, 2023, 12:21

«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун эксперттери Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда, Нарын областынын Кочкор жана Аташы райондорунда пилоттук мектептердин жана айрым мектепке чейинки, мектептен тышкаркы мекемелеринин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өнүктүрүү пландарын иликтөө менен ситуациялык талдоону жүргүздү.

 

Бардыгы болуп мектептерди өнүктүрүүнүн 25 планы иликтенди. Талдоо буларды көрсөттү, билим берүү уюмдарынын дээрлик бардык иликтенген өнүктүрүү пландарында жана жылдык пландарында СТЕМ билим берүүнү өнүктүрүү боюнча, анын ичинде табигый-математикалык циклдин предметтери жагынан жөндөмдөрдү кошумча иликтөөгө же өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жок. Иликтенген пландарда ошондой эле айрым параметрлерде гендердик жактан сезимтал иш-чаралар чагылдырылган эмес. Пландар негизинен учурдагы мүнөздөгү милдеттерди чечүүгө, ошондой эле окуу-тарбиялоо ишинин маселелерин чечүүгө багытталган.

 

Ошондой эле пландаштырууга ата-энелер жамааты, ошондой эле башка стейкхолдерлер дээрлик тартылбагандыгы аныкталган. Көпчүлүк билим берүү уюмдары натыйжалуу пландаштыруунун заманбап методдорун билбейт. Айрым билим берүү уюмдарында гана пландаштыруу учурунда педагогикалык жамааттардын айрым мүчөлөрүн жана билим берүү уюмдарынын методикалык бирикмелеринин жетекчилерин тартууга аракет кылган. 


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи тарабынан ишке ашырылып жатат.