«Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында Дизайн ой жүгүртүү боюнча тренинг аяктады.

July 17, 2023, 00:22
«Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында Дизайн ой жүгүртүү боюнча тренинг аяктады.

2023-жылдын 10-14-июлунда Бишкек шаарында жарандык коомдун аялдар уюмдарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ой жүгүртүүнүн дизайны боюнча жана жамааттар менен натыйжалуу коммуникацияларды уюштуруу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу түшүнүгүн кеңейтүү, социалдык тилектештикти бекемдөө жана Дизайн-ой жүгүртүү методологиясын жана "Speed dating” инструменттерин колдонуу менен гендердик теңчиликке көмөктөшүү жолдорун үйрөнүштү. Окутуулардын жыйынтыктыгында жаңы инструменттерди колдонуу менен ишин уланта турган мыкты тренерлер тандалып алынат. Иш-чаранын алкагында жамааттар, жергиликтүү бийлик органдары жана башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу кызматташуу үчүн катышуучулардын ортосунда байланыштар түзүлмөкчү.

Бул трененингдер долбоордун максаттарына ийгиликтүү жетишүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну жакшыртууга, чыр-чатактарды алдын алууга жана гендердик теңчиликти илгерилетүүгө мүмкүндүк берет. Тренинг жарандык коомдун аялдар уюмдарынын тренерлеринин көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат.

Тренинг БУУнун Тынчтыкты сактоо фондунун финансылык колдоосу менен БУУ-Айымдар, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана ФАО (БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) тарабынан уюштурулду.