«Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтыкты жактайт» долбоорунун алкагында Дизайн ой жүгүртүү боюнча машыктыруучулар үчүн тренинг өтүп жатат

June 23, 2023, 09:49

«Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтыкты жактайт» долбоорунун алкагында Дизайн ой жүгүртүү боюнча машыктыруучулар үчүн беш күндүк тренинг өтүп жатат.

 

2023-жылдын 21-25-июнунда Баткен шаарында жарандык коомдун аялдар уюмдары жана 9 пилоттук айыл аймагынын кызматкерлери үчүн алардын Дизайн ой жүгүртүү жагындагы потенциалын жогорулатуу жана коомдоштук менен натыйжалуу баарлашууну уюштуруу үчүн тренинг өткөрүлүп жатат.

 

Тренингдин максаты долбоордун максаттарына жетишүүнү күчөтүүдө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелерин түшүнүүнү кеңейтүүдө, социалдык ынтымакты күчөтүүдө жана Дизайн ой жүгүртүү жана Speed Dating инструменттеринин жардамы менен гендердик теңчиликти алга илгерилетүүдө турат. Тренингдин жыйынтыктары боюнча мыкты машыктыруучулар тандап алынат, алар келечекте жаңы инструменттерди пайдалануу менен иш алып барат.

 

Иш-чаранын алкагында коомдоштуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу кызматташтыкты түзүүгө машыктыруучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн катышуучулардын арасында нетворкинг түзүлөт.

 

Бул машыктыруучуларга долбоордун максаттарына алда канча ийгиликтүү жетишүүгө, чыр-чатактарды четтетүүгө жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүүгө төрткө берүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул тренинг жарандык коомдун аялдар уюмдарынын машыктыруучуларынын жөндөмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү үчүн маанилүү платформаны билдирет.

 

Тренинг БУУнун Тынчтыкты сактоо фондунун финансылык колдоосу менен БУУ-Айымдар, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана ФАО (БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) тарабынан уюштурулган.