"АтаМЕНен"долбоорунун алкагында Нарында ресурстук борборлор ачылды

June 5, 2023, 07:42
"АтаМЕНен"долбоорунун алкагында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жана Нарын районунун Учкун айыл аймагында ата-энелер жана балдардын өнүгүүсүнө багытталган ресурстук борборлор ачылды. Ресурстук борборлор жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,активисттер жана жаштар уюмдарынын демилгелеринин негизинде ишке ашырылды. Жаңы түзүлгөн ресурстук борборлордо ата-энелер балдардын өнүгүүсү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган окуу материалдарына, семинарларга жана тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул ресурстар баланын өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерин, анын ичинде эрте сабаттуулук, когнитивдик стимул, эмоционалдык жыргалчылык жана дени сак тарбиялоо ыкмаларын камтыйт.


"АтаМЕНен" долбоорунун максаты-аталардын эрте курактан балдарынын өнүгүүсүнө катышуусун жогорулатуу болуп эсептелет. Долбоордун максатына ылайык ата-энелер балдарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон маалыматтар жана ресурстар менен камсыз кылынып, балдар үчүн инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүү үчүн иш-аракеттер аткарылууда.


Бул долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.Жакынкы убакытта долбоордун алкагында дагы 2 жергиликтүү демилге Миң-Булак жана Казыбек айыл аймактарында ишке киргизилмекчи. Учкун айыл аймагынын ресурстук борборунуни ачылыш иш-чарасына катышкан Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жеенбековна аталардын балдарды тарбиялоодогу ролун белгилеп, АтаМЕНен долбооруна жана Фондго долбоордун ишмердиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Жантелиева ресурстук борбордун мындан ары ийгиликтүү иштеп кетүүсү үчүн айыл элинин ынтымагы маанилүү экенин өз сөзүндө белгилеп өттү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жаңы ачылган ресурстук борборлор Ак-Муз жана Учкундагы ата-энелер менен балдардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет деп ишенет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунин ишмердигинде балдардын эрте курактан өнүгүүсү приоритеттүү багыт болуп саналат. Фонд балдар үчүн китеп чыгаруу,инновациялык технологияларды колдонуу,Жайлоо өнүгүү борборлору, фестивалдар, мастер-класстар, искусство багытындагы долбоорлордон тартып бул жааттагы мыйзамдарды жакшыртуу, стандарттарды иштеп чыгуу,изилдөө боюнча ишмердүүлүгүн улантып келет.