Ата-энелер жана балдар үчүн “Алтын Казык” фестивалы болуп өттү

May 30, 2023, 23:31
2023-жылдын 30-майында “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Супара” этнокомплекси менен биргеликте уюштурган 1-июнь Бүткүл Дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата ата-энелер жана балдар үчүн “Алтын Казык” интерактивдүү Фестивалы өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын “Балама” ырын аткаруусу менен башталды.

Фестивалдын кадырлуу коногу, “Эне-балага тирек” коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова саламдашуу сөзүндө эне-аталарды балдардын туура тамактануусу жана мээримдүү чөйрө түзүүгө чакырды. “Үй-бүлөдө берилген баалуулуктар балага келечекте таяна турган тирек болот. Жагымдуу чөйрө жана мээримдүү үй-бүлө баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналат. Урматтуу ата-энелер, наристелерибизди сүйүүгө сугарып,мээримге бөлөп өстүрөлү”-деди Айгүл Жапарова.

КР саламаттык сактоо министри, Г.Баатырова өлкөнүн башкы педиатры катары балдардын жашоосунда туура тамактануунун жана физикалык активдүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Технология биздин жашообуздун бардык аспектилерине сиңип жаткан заманда, биз балдарыбыздын дени сак адаттарды калыптандырып, өрчүтүшүнө жана келечекте алардын жыргалчылыгын калыптандыруучу жигердүү жашоо образына ээ болушуна баарыбыз кепилдик беришибиз керек”-деди Г.Батырова.

КР Президентинин Аппаратынын саясый жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна жана “Супара” этно-комплексине ата-энелер жана балдар үчүн Фестивалын улуттук каада салтты даңазалоо менен өткөрүп жаткандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой или иш-чарада Түркия Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы М.Доган катышуучуларды келе жаткан майрам менен куттуктап, балдарды кенже курактан тарбиялоого,наристелерге өмүр бою зарыл болчу көндүмдөрдү калыптандырууга чакырык таштады.

Фестивалдын алкагында КР Президентинин жубайы Айгүл Жапарова балдар үчүн пайдалуу тамак боюнча мастер-класс өтүп,сабизден салат жасап берди. КР саламаттык сактоо министри Г.Баатырова жемиштерден “канапэ” жасап берүү менен наристелерге пайдалуу-шамшум жасоого үндөдү.Ошондой эле туура тамактануу боюнча Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинен “Жажык”, “Кара-фасулие” жана “Каймакта бышырылган күрүч” жасоо боюнча мастер-класс өтүштү. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү балдар үчүн “балыктан котлет” жасоо жолун көрсөтүп беришти.

“Алтын казык” фестивалында Эмоционалдык байланыш, Баарлашуу, Дени-сак үй, Жамаат жана Оюндар аталышында беш ордодо наристелерди өнүктүрүү боюнча мастер-класстар уюштурулду.Ошондой эле Сьездбек Таштакеевдин үй-бүлөсүнөн шахмат боюнча мастер-класстар өттү.Муундан муунга өнөрүн мурас кылып, чыгармачылыгын тартуулап келген “Кут” үй-бүлөлүк ансамбли улуттук аспаптар менен музыкалык номер тартуулашты.

“Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин контентинин негизинде даярдалган оюндар жана сынактардын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.

Каалоочулар үчүн Фестивалда Педиатр, Логопед, Невропатолог,Маммолог жана Психологдон консультация алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева ар бир эне-атага кайрылып, баласынын өнүгүү муктаждыгын “сыйкырдуу” эсептелген кенже курагында камсыздап, камкордук менен мамиле кылууга чакырып өттү. “Фестивалдын максаты- ата-энелердин кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча маалымдулугун улуттук баалуулуктарды эске алуу менен, акыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын колдонуу аркылуу жогорулатуу”-деп белгиледи Догдургүл Шаршеевна.

“Супара” этно-комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева “Алтын казык” аталышындагы мааниси терең иш-чара аркылуу ата-энелер балдарына туура тарбия берүү боюнча көп маалымат алаарына ишенээрин билдирди.

Фестивалда “Кийиз дүйнө” коомдук фондунан балдардын улуттук кийимдер боюнча мода көргөзмөсү көрсөтүлү, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду чыгарган китептердин жарменкеси уюштурлду.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө чечим кабыл алуучу органдардын өкүлдөрүнүн, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жана эне-аталардын катышуусунда кайтарым баарлашуу өтүп, учурдагы кенже куракта балдарды тарбиялоодогу маселелер талкууланып,суроо-жооп уюштурулду.

Иш-чарага келген Нурай Адылова Фестивал жогорку денгээлде даярдалганын белгилеп, көп маалыматтар жаңылык болгонун белгиледи: “Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.Мен үчүн кээ бир улуттук тамактар жаңылык болду. Ата-эне менен баланын ортосундагы жакындыгын оюндардан кийин дагы да жакшы түшүндүм, балага бир нерсе үйрөтүү үчүн Американы ачып кереги жок экенине,жөнөкөй эле нерседен баштасак ал чогулуп бир чоң казына болоруна ынандым”-деди Фестивалдын катышуучусу. “Алтын казык” фестивалына 400дөн ашуун ата-энелер жана балдар катышышты. Иш-чара Австралиялык Миндеру Фонду менне биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тартуулаган “Бешке чейин үлгүр” долбоорунун алкагында уюштурулду.