Кыргызстандын биринчи айымы ата-энелер жана балдар үчүн «Алтын Казык» фестивалына катышууда

May 30, 2023, 06:55

Кыргызстандын биринчи айымы Айгуль Жапарова Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого туш келтирилген, ата-энелер жана балдар үчүн «Алтын Казык» фестивалына катышты.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө биринчи айым бардык балдарды өтүп жаткан майрамы менен куттуктады.

«Бул иш-чаранын зор мааниси бар. Анткени эгерде бала ага мээримдүү жана камкордук көргөн үй-бүлөдө өссө, ал өмүр бою бактылуу болот жана келечекте өз үй-бүлөсүнүн гана эмес, ошондой эле өз мамлекетинин сыймыгы жана кенчи болот. Бала келечекте таяна ала турган турмуштук туура дөөлөттөрдү ага үй-бүлөдөн башка эч ким бере албайт. Жагымдуу чөйрө жана жакшы көргөн үй-бүлө – баланын туура жана ден соолукта өнүгүшүнүн негизи», деп белгиледи ал.

Сөзүнүн аягында Айгуль Жапарова ошондой эле ата-энелерди балдарга туура адаттарды каныктырууга, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көңүл бурбоого чакырды.

«Ата-энелер балдар менен көп баарлашууга, алар менен ар түрдүү кызыктуу жана акыл берүүчү оюндарды ойноого тийиш. Мен чоң эне, апа жана жубай катары бардык балдар бактылуу жана ден соолугу чың болушун көргүм келет. Өлкөнүн бардык айымдарын өз баласын мээрим төгүп жана камкордукка бөлөп өстүрүүгө чакырам», – деп айтты биринчи айым.

«Алтын Казык» фестивалын «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Супара» этно-комплексинин жетекчилиги менен бирге уюштурду.

Фестивалдын максаты – улуттук баалуулуктарды эске алуу менен соңку илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдалануунун эсебинен кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жөнүндө ата-энелердин маалымдар болушун арттыруу.

Фестивалдын меймандарына ошондой эле балдарда өтө зарыл негизги жөндөмдөрдү калыптандырууга улуттук баалуулуктар кандай жардам бере тургандыгын айтып беришет. Мисалы, бешик ыры баланын сөз байлыгын кеңейтет жана ата-энелер менен байланышты чыңдайт, ошол эле учурда улуттук оюндар балада интеллекттин, математиканын, майда моториканын алгачкы элементтерин өнүктүрөт. Өз кезегинде кийизди жана жүндү бардык жерде колдонуу балада сенсордук сезимталдыкты ойготот.

Иш-чарага ошондой эле КР Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты, мониторингди иштеп чыгуу жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, КР саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова, «Супара» этно-комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчиси Кристин Жольм, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Мария Доган катышты.