«Алтын Казык» балдар фестивалы. КР саламаттык сактоо министри бешик ырды ырдады (видео)

May 30, 2023, 07:17

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого туш келтирилген, ата-энелер жана балдар үчүн «Алтын Казык» интерактивдүү фестивалына катышуунун алкагында КР саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова бешик ырды ырдады.

Бешик ыры – лирикалык жанр, ал дүйнө элдеринин көпчүлүгүндө, анын ичинде кыргыз оозеки поэзиясында жолугат. Бешик ыры баланы уктатуу, сооротуу, алаксытуу жана тартипке салуу максатында ырдалат, анда бала бактылуу, элине кызмат кылган татыктуу адам болушу жөнүндө каалоолор айтылат.