“Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Супара” этнокомплекси менен биргеликте 1-июнь Бүткүл Дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата “Алтын Казык” аттуу ата-энелер жана балдар үчүн интерактивдүү Фестивалын өткөрөт

May 29, 2023, 22:32
“Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Супара” этнокомплекси менен биргеликте 1-июнь Бүткүл Дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата “Алтын Казык” аттуу ата-энелер жана балдар үчүн интерактивдүү Фестивалын өткөрөт.

Иш-чарага “Эне балага тирек” коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын, КР ЖК вице-спикери Ж.Исаеванын, КР саламаттык сактоо министри Г.Баатырованын, КР билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнүн, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы М.Догандын, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышып ата-энелер үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт.

“Алтын казык” фестивалынын максаты - ата-энелердин кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча маалымдулугун улуттук баалуулуктарды эске алуу менен, акыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын колдонуу аркылуу жогорулатуу.

“Алтын казык”- асманда эч качан ордунан жылбаган, жолоочуга жол көрсөткөн жалгыз жылдыз. Фестивалда улуттук оюндар;бешик ыры, чүкө, топ таш,улуттук пайдалуу тамак аштар жана буюмдар аркылуу НАРИСТЕГЕ түбөлүк кызмат кыла турган өзөктүү көндүмдөрдү калыптандыруунун жолдору көрсөтүлөт. Бешик ыры наристенин сөз байлыгын көбөйтүп, ата -эне менен мээримдүү байланышты бекемдесе, чүкө, топ таш акыл эстин жана математиканын алгачкы элементтерин, майда моторика жана социалдык эрежелерди калыптандырат.Кийиз же жүн наристенин сенсордук сезимталдуулугун ойготот.Аталган ыкмалар чоң атанын, чоң эненин,ата-энесинин добушу жана катышуусу менен берилип, кийинки муунга аманат катары улантылат.Үй шартында Наристелердин эң мыкты өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт. Муундар байланышы уланат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду ар бир эне-атага кайрылып, баласынын өнүгүү муктаждыгын “сыйкырдуу” эсептелген кенже курагында камсыздап, камкордук менен мамиле кылууга чакырат.

Иш-чарада “Бешке чейин үлгүр” санарип тиркемеси тууралуу маалымат берилет. “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси кыргыз тилинде Австралиянын Миндеру Фонду, Сидней университетинин Мээ жана Акыл эс борборунун окумуштуулары жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ, жергиликтүү окумуштуулар менен биргеликте кыргыз тилинде иштелип чыгып 2022-ж. ноябрь айында тартууланган.Тиркеменин мазмуну баланы кенже курактан баштап өнүктүрүү боюнча кыргыз элинин нукура ата-мурасынан бери келе жаткан салттык ыкмалары менен топтолду. Учурда бул тиркемени 20.000 ге жакын ата-энелер кыргыз тилинде пайдалануучулар катары катталды. Тиркеме наристенин сапаттуу өнүгүшү үчүн өтө маанилүү, наристенин иденттүүлүгүн өстүрүүгө өбөлгө болгон чөйрө “муундар билим тарбиясы” боюнча эң маанилүү илимий жана салттык ыкмаларга таянган пайдалуу кеңештерден турат.