Ош шаарында “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында жергиликтүү уюмдар үчүн семинар башталды

May 25, 2023, 10:01
Ош шаарында “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында жергиликтүү уюмдар үчүн семинар башталды.

2023-жылдын 24-майында Ош шаарында “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында жергиликтүү уюмдар үчүн семинар башталды.

Иш-чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер,Бириккен улуттар уюмунун аялдар түзүмүнүн, Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.

Семинардын максаты: Катышуучулардын долбоор тууралуу жана гендер,климат, тынчтык темаларында өнөктөштүк тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана долбордун ишке ашуусунда стейкхолдер,бенефициарлар менен биргелешкен ыкмаларды талкуулоо жана иштеп чыгуу.

Маалымат үчүн: “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоору Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, 2023-2024-жж БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Долбоордун максаты - Кыргызстандагы климаттык коопсуздук маселелерин чечүүдө аялдардын жарандык коомдук уюмдарынын институционалдык потенциалын жогорулатуу жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү аркылуу демилгелүү аялдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын бирдиктүү иш алып баруу механизмдерин жана үлгүлөрүн жаратуу.