Ош шаарында “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын презентациясы өттү

May 17, 2023, 22:55
2023-жылдын 18-майында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык педагогикалык колледжинде “Илимдеги кыздар” долбоорунун презентациясы өттү.

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Салтанат Өмүрканова, КР Президентинин Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, КР Президентинин Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Борубаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош билим берүү институтунун директору Гулмира Турдубаева, Баткен облустук усулдук борбордун директору Осмон Эркебаев,Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Мирлан Айтмаматов,Ноокат районунун акиминин орун басары Нургүл Зулпиева, Сузак районунун акиминин орун басары Гулмира Камбарова, Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Ош облусунун Ноокат районунун пилоттук мектептеринин жетекчилери жана бардык кызыкдар тараптар катышышып “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын максаттары менен таанышышты.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун директору Догдургүл Кендирбаева келечек муунду так илимдерге тартуу менен маалымат-технологиялар заманынын чакырыктарына даяр болгондой билим берүү керектигин белгиледи.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Салтанат Өмүрканова, бул долбоор билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп жатканын белгилеп, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондуна, Балдарды коргоо борборуна жана Инновациялык колледжке ыраазычылыгын билдирди.

Юнисефтин Ош шаарындагы өкүлү Жылдыз Молдокулова баардык катышуучуларды долбоордун экинчи фазасынын башталышы менен куттуктап, “Илимдеги кыздар” долбоорунун биринчи фазасынын ийгиликтүү аякташын баса белгиледи.

КР Президентинин Баткен,Ош жана Жалал абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары да өз сөздөрүндө мындай долбоорлор жалпы коомубуздун келечектеги өсүшүнө таасир этээрин белгилешти жана жергиликтүү бийлик мындай долбоорлорду колдоорун айтышты.

Иш-чаранын алкагында ЮНИСЕФтин Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын өнүгүүсү жана катышуусу боюнча программанын менеджери Нурия Каракулова “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын программасы менен тааныштырды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунан “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин координатору Айнура Эмирканова жана Борбор Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык Колледжинен долбоордун координатору Мадина Самакбаева долбоордун II-фазасынын максаттары менен тааныштырышты.

Долбоордун максаты- өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.

“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы 2 жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылмакчы.

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чуй облустарындагы тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен ишке ашырылат.