“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычынын бет ачары Ош шаарында өтөт

May 17, 2023, 06:28



2023-жылдын 18-майында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык педагогикалык колледжинин жыйындар залында саат 9:30да ѳнѳктѳштѳр менен биргеликте “Илимдеги кыздар” долбоорунун презентациясы өтөт. Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, КР Президентинин Баткен, Жалал-Абад,Ош облустук ыйгарым укуктуу өкудөрүнүн орун басарлары,Сузак, Ноокат райондорунун акимдеринин орун басарлары, Кызыл Кыя шаарынын вице-мэри, пилоттук аймактардын облустук, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Баткен облусунун Кызыл Кыя шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Ош облусунун Ноокат районунун пилоттук мектептеринин жетекчилери жана бардык кызыкдар тараптар катышышып “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын максаттары менен таанышышат.


Долбоордун максаты- өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.


“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы 2 жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM  тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды  түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылмакчы.


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чуй облустарындагы  тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен ишке ашырылат. 


Маалымат: 2020-2022-жылдары ишке ашкан “Илимдеги кыздар” долбоорунун 1 фазасынын алкагында 81 пилоттук мектептер менен (Бишкек,Чуй, Ош жана Кара-Суу) иш -чаралар натыйжалуу аяктады.Ош жана Бишкек шаарындагы“СЕКОМ” окуу борборунда жалпысынан 444 кыз долбоордун каржылоосу менен жалпы республикалык тестирлөөгө үч ай даярдалды. Жыйынтыгында, кыздарыбыз 100 % жогорку окуу жайларга ѳтүштү, 66 % STEM тармагындагы адистиктерди тандашты, 34% гуманитардык багытка тапшырышты, алардын ичинен 12 кыз чет ѳлкѳдѳгү жогорку окуу жайларга ѳтүштү. Долбоордун дагы бир максатты:7-10 класста окуган 2600 кызды насаатчылык программасынан ѳткѳрүү эле, жыйынтыгында Кыргызстанда атактуу жана ийгиликтүү тажрыйбасы бар, аны менен бѳлүшүүгѳ жѳндѳмдүү, айрыкча технология, илим жана креативдик индустрия жаатында эмгектенип жаткан 217 айым- ментор 2772 менти кыздарды насаатчылык программасынан ѳткѳрүп бүтүштү, 5 ай бою устаттар ѳз убакыттарын тартуулап, конструктивдүү кеңештерин беришип, кесип тандоодо баалуу малыматтар менен бѳлүшүшуп. багыт беришип, колдоп шыктандырып келишти.