“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын бет ачары өттү

May 12, 2023, 13:45
2023-жылдын 12-майында Бишкек шаарында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырып жаткан ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын бет ачары өттү.

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүндөгү билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода жана долбоордун өнөктөштөрү, пилоттук аймактардын облустук, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мектеп директорлору, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин ишин тейлеген райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын максаттары менен таанышышты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө заман талабына ылайык окуучуларга билим берүүдө ушул долбоор эбегейсиз салым кошуп жатканын белгиледи. “Дүйнө жүзү боюнча маалыматтык-технологиялар доору башталды: жасалма интеллект, санариптик технологиялар ээлик кылып жатат,дал ушул багыттарда кыздарга кыздарга кесиптик багыт берүү максатында иштер аткарылып келди, дагы да иш алып барабыз,” - деди Догдургүл Кендирбаева.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов «Илимдеги кыздар» долбоорунун биринчи фазасында да бир топ ийгиликтүү иштер аткарылганын белгилеп, долбоордун командасына ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүндөгү билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода STEM багытын өнүктүрүү менен өлкөдөгү билим берүү системасындагы көптөгөн ийгиликтерге жетүү максаттар бар экенин белгиледи.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ЮНИСЕФтин гендердик программасынын менеджери Жыпара Турмаматова, “Кыздарды илимде кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү” аталышында презентация жасады. Ал эми ЮНИСЕФтин Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын өнүгүүсү жана катышуусу боюнча программанын менеджери Нурия Каракулова “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын программасы менен тааныштырды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунан “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин координатору Айнура Эмирканова жана Борбор Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык Колледжинен долбоордун координатору Мадина Самакбаева долбоордун II-фазасынын максаттары менен тааныштырышты.

“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чуй облустарындагы тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен иш алып бармакчы.

Долбоордун максаты- өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп үйрөтүүгө шарт түзүү.

“Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы 2 жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылмакчы.