Фонддун санарип долбоорлорунан ОшМУда мастер-класстар өттү

April 24, 2023, 08:38
2023-жылдын 23-апрелинде Ош Мамлекеттик Университетинде "Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачык - айкын келечекти куруу" долбоорунун алкагында Е-BILIM FEST фестивалы өттү.

Иш-чара Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору, CGI “Лидер” бейөкмөт уюму, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Ош мамлекеттик университети, Миграция боюнча Эл аралык уюму менен биргеликте уюштурулду.

Фестивалда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун “Санарип 50+”, “Үч жаштан кийин кеч” “Бешке чейин үлгүр” долбоорлорунун адистеринен мастер-класстар жана «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында долбоордун менторлорунан Робототехника, «3D басып чыгаруу», “Brain-chip”, “Санарип мугалим”, “Мугалимдерди санариптик технологиялар менен тааныштыруу жана окуу процессин жакшыртуу”, “Эмне үчүн жасалма интеллект”, “Анимациялык мультфильм индустриясы кандай иштейт?”, “Компьютердик кызматтын лайфхагы” темалары боюнчп мастер-класстар өттү. Ошондой эле устат шакирттердин колдору менен Стем багытында жасалган буюмдардын көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле Фонддун “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” демилгесинин адистери кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча мастер класстарды өтүштү.

Иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду чыгарган балдар үчүн китептердин жарманкеси уюштурулду.


Маалымат:
Билим берүү тармагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып көптөгөн санарип демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырып келген: “Санарип50+”, “Үчтөн кийин кеч” социалдык тармактардагы ата-энелер үчүн платформа, “Менин компьютерим” электрондук китеби, “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси, “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” аудиокитеби, “Биз мектепке барабыз” аудиокитеби, “Үчтөн кийин кеч” аудиокитеби, “Бешик ырлары” аудио топтому кенже курактагы наристелерден тартып улуу муундагы жарандарыбызга географиялык жайгашууга карабастан пайдалуу билим алууга шарт түзүп келүүдө.